Аялдардын үй-бүлөдө психологиялык басынтууга кабылуусу…

1.Эгерде сиз жолдошуңуздан көп нерсени жашырып жаткан болсоңуз.

2.Ар дайым оюңуз бир жерде болбой, кыжалатчылык менен жүрсөңүз.

3.Өзүңүздүн кемчилигиңизди ар дайым таап, сулуу экениңизди барктабай жатсаңыз.

4.Үй-бүлөдө болгон чыр-чатактарга ар дайым өзүңүздү күнөөлүү сезип жатсаңыз.

5.Ичиңизден кубанган же кайгырган маалыматтар менен бөлүшүүнү каалабасаңыз. Мисалга, жолдошума айтсам ал сыр сактабайт же мени түшүнбөйт деген сыяктуу.

6.Коомчулукка көп чыгууну каалабай, досторуңуз менен болгон баарлашуу азайса.

7.Эгерде жолдошуңуз сизди ар дайым басынтып, шылдыңдап турган болсо.

8.Сиздин сүйлөгөнүңүздү, кийингениңизди сындап турган болсо.

9.Балким сиз менен күнү бою сүйлөшпөсө.

10.Үйдө жолдошуңуз өзү гана сизге кандай кийим алып берип, эмне алып бербестигин чечсе, демек сиз үй-бүлөдөгү психологиялык факторго кабылган болосуз. Ал үчүн сиз өзүңүздү-өзүңүз сыйлап, өз кадыр баркыңызды көтөрүүгө аракеттерди баштаңыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу