Аялдардын төшүнүн өлчөмүнө жараша арзандатуу берген ресторан акциясын токтотту

Ушул жылдын август айынын башында Кытайдын Ханчжоу шаарындагы ресторандардын биринде өзгөчө акция орун алган. Тамактануучу жайдын сыртына илинген жарнамадан айымдардын ич кийим менен биринин артынан бири тизилип турганын көрүүгө мүмкүн болгон. Себеби акциянын жүрүшүндө ресторанга келген аялзатына төшүнүн өлчөмүнө жараша арзандатуулар берилген. Буга жергиликтүү тургундар нааразы болушуп, бул нерсе аялдарга болгон тең укуктуулуктун жоголушуна алып келерин айтышкан. Ал эми ресторандын менеджери Лан Шенгганг буга байланыштуу өз пикирин билдирген.

“Бул аракетибиз башталгандан бери кардарларыбыздын саны 20 пайызга өстү. Биздин айрым кардарлар өздөрү менен сыймыктанып жатышты, себеби алардын жашыра турган эч нерсеси жок. Эгер айымдар көкүрөгүн эркектерге көрсөтүп кирүүдөн уялышса, тейлөөчү кыздарга деле көрсөтүшсө болот”, — деген ал.

Учурда коомчулуктан түшкөн нааразычылыктардан улам ресторан акцияны токтотууга аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, бул Кытайдагы ресторандарга байланыштуу алгачкы өзгөчө акция эмес. Буга чейин кардарларды тартуу үчүн кээ бир тамактануучу жайлар кыска юбка кийип келген кыздарга 20 пайыздан 90 пайызга чейинки арзандатууларды сунуштап, айрымдары сулуу кардарларга акысыз тамак берүү акцияларын уюштуруп келишкен.

 

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу