Аялдардын жыныс мүчөсү тууралуу мифтер…

Аялдардын жыныс мүчөсү жөнүндө ойдон чыгарылган мифтер көп. Эң популярдуусу – ар бир кызда кыздык белги болот. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова айрымдарын жокко чыгарып берди.

Миф №1

Жума күнү төрөлгөн кыздан биринчи жыныстык катнашта кан чыкпайт.

Чындык: Кыздан биринчи жыныстык катнашта кан чыгабы же жокпу кыздык белгинин формасынан көз каранды.

Миф №2

Кыз турмушка чыкканга чейин жыныс мүчөсүндөгү түктөргө тийбеши керек, кыздык белгиге доо кетет.

Чындык: Жыныс мүчөдөгү түктөрдүн кыздыкка эч кандай тиешеси жок. Өстүрүп жүрөбү же алып салабы ар бир кыздын өз эрки.

Миф №3

Кыз кишинин эриндери чоң болсо, жыныс мүчөсүнүн эриндери да жоон болот.

Чындык: Ооздун эриндери менен жыныс мүчөнүн эриндери ортосунда эч кандай байланыш жок.

Миф №4

Аялдын жыныстык өнөктөшү көп болсо, жыныс кыны чоюлуп калат.

Чындык: Бул жөн гана жомок. Жыныстык өнөктөшдүн саны жыныс кынынын өлчөмүн өзгөртпөйт.

Миф №5

Аялда бир эле жатын бар.

Чындык: Айрым аялдардын эки жатыны болот. Бул патология, төрөткө таасир бериши мүмкүн.

Миф №6

Аялдардын жатынынын өлчөмү бирдей.

Чындык: Ар бир аялдын жатынынын өлчөмү өзүнүн муштуму менен тең.

Миф №7

Төрөттөн кийин жыныс кыны түбөлүккө чоюлуп калат.

Чындык: Ооба, төрөттөн кийин жыныс кыны чоюлат. Бирок убакыттын өтүшү менен булчуңдары кыскарып, мурунку абалына кайтып келет. Бул табигый процесс.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу