Аялдардын акылдуу амалдары

“Аялдан амал качып кутулбайт” демекчи, кайсы гана тармак болбосун, алар өздөрүнүн сырлары жана амалдары менен ыңгайсыз абалдан оңой чыгып кетишет. Ал эми сулуулукта кандай амалдарды колдонушат?

Бийик така менен көчөгө чыгарда бутуңуз чарчап калбоосу үчүн 3 -жана 4 -манжаңызды пластырь менен ороп алсаңыз болот.

Бижутерияңыз узакка сакталсын десеңиз, түссүз лак менен боёп коюңуз. Мында өңү гана ачылбастан, майда деталдары да бекемделет.

 Бырышкан кийимиңизди үтүктөгөнгө убакыт жок болуп жатса, душтагы кийим илгичке илип, ысык сууну агызып коюңуз. Буунун жардамы менен кийимдин бырышы заматта жазылат.

Помаданы сүйкөрдөн мурун ага өзүнүн өңүнө окшош тенди же түссүз упаны сээп койсоңуз, помада оозуңузда көпкө чейин өчпөй сакталат.

Сурмаңызга визитка же катуу кагазды коюп туруп, анан тушь койсоңуз, териңиз булганбай, кирпигиңиз жакшы боёлот.

Боёлгон чачыңыздын түбү өсүп, бирок боёгонго убакыт жок болуп жатса, тушь же тень менен убактылуу боёп койсоңуз болот.

Кулпунайдын кесимин тиш щёткасына коюп тишиңизди жакшылап жышысаңыз, тишиңиз укмуштуудай агарып чыгат.

Таракка атырдан бир аз сээп чачыңызды тарасаңыз, күн бою жагымдуу жыттанып турасыз.

Эскирип калган тениңизди ыргытпай, ага түссүз лак кошуп аралаштырсаңыз, жаңы өзгөчө өңдөгү лак жаралат.

Кашыңыз иретсиз жана коюу болсо, чач үчүн гелди сүйкөп койсоңуз болот.

Помадаңыз сынып калса, сынган бөлүгүн бир аз ысытып туруп экинчи бөлүгүнө жабыштырып муздаткычка салып койсоңуз, калыбына келип калат.

Бир жакка жөнөрдө жүзүңүздө безетки пайда болуп калса, кебезди көздүн кызаруусуна каршы дарыга малып 1-2 мүнөт муздаткычка салып коюңуз. Андан соң териңизге сүйкөсөңүз, безетки анча билинбей калат.

Тишиңиз апапак көрүнсүн десеңиз, помаданын күлгүн, сыя, ачык кызыл өңдөгүсүн тандаңыз.

Шааркан Абдуллаева

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу