«АЮ Холдинг» компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болду

«АЮ Холдинг» компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болду.

Маалыматка ылайык, Түлөбаев менен Суракматов 2000 жылдан бери тааныш экени айтылат. Алар шаардык кеңешке бир округдан шайланышкан болчу.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Адыл Садыков кызматынан кетүү тууралуу арызын  7 август күнү кечинде жазган.

8 августа мэр болуп шайланган Азиз Суракматов журналистер менен маектешкен учурда, эски команданы азырынча өзгөртпөй турганын айткан, бирок мэрди шайлоо чечими БШКдан чыккандан кийин, бул суроого көңүл бурарын билдирген.

Мэрияда биринчи вице-мэр кызмат оруну бош.

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу