«Аю» компаниясы Kyrgyz Cola суусундугун чыгарды

«Аю» компаниясы кыргыз коласын чыгарды. Бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчасында ишкананын вице-президенти Балбак Түлөбаев билдирди.

Кола суусундугу – таттуу газдалган, курамында кофеинди камтыган суусундуктар түрүнө кирет. Анын ысымы, алгач өндүрүүчүлөр тарабынан суусундук кофеиндин булагы катарында колдонулган коланын жаӊгактарынан келип чыккан.

​Түлебаев жаӊы продукциянын сүрөтүн жарыялады.

Анда «Аю» өндүргөн кола Сосо-Соlla компаниясынын суусундуктарынан, шишенин этикеткасында кыргыз улуттук чиймелер тартылгандыгы менен айырмаланып турат. Суусундук Kyrgyz Cola деп аталды.

Булак: barometr.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу