“Аэрофлот” компаниясын кечирим сураткан Атай Өмүрзаков

Бийчи Атай Өмүрзаковдон “Аэрофлот” компаниясынын өкүлү кечирим сурады. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков социалдык тармактагы өздүк баракчасына жарыялаган.
Маалыматка ылайык, “Аэрофлот” компаниясынын өкүлү бийчи Атай Өмүрзаковго байланышып, кечирим сураган. Ал өз сөзүндө “Аэрофлоттун” жетекчилиги кызматкерлеринин ишине көңүл буруп коюшун
сурангам. Мага компаниянын өкүлү байланышып кечирим сурады. Ошону менен бирге жетекчиликтин
атынан ыраазычылыгын айтты. Кырдаалга байланыштуу кызматкерлер менен иш алып барышарын айтып, түшүнбөстүккө алып келген окуялар кайталанбашын убада кылды”, – деп жазган Атай Өмүрзаков.

Эске салсак, Белгилүү бийчи жигитибиз Атай Өмүрзаков Москва шаарынан Бишкекке учаар алдында
көңүл түшөөрлүк жагдайга туш болгон. Ал АЭРОФЛОТ компаниясынан билет алган. Бийчи аэропорт
кызматкерлерине билетин көрсөткөн соң, Атай Өмүрзаковду шаштырып автобуска салган. Ал
автобустан түшкөн соң башка мамлекетке бара турган учакка барып калгандыгын түшүнгөн. Кайра
артка кайткан бийчи жигитибиз өз учагына жетпей калган. Ага аэропорт кызматкерлери кайдыгер
мамиле кылган. Бул көрүнүштү бийчи өз баракчасына жайгаштырган.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу