Ашыкча май жыйноонун себептери…

Ичтеги катмар болгон май аял кишинин сырткы денесине зыян келтирет. Бул калптуу жагдай. Анын себебин түшүндүрө кетсек. Эгер белгилүү бир себептер менен ичтеги майдан арылгыңыз келсе, сиздерге төмөндөгүдөй кеңеш беребиз.

Аялдардын 90 пайызы майды курсагына жана белине жыйнашат. Аял организминин бир өзгөчөлүгү табиятынан ушундай. Анын бир пайдасы кош бойлуу кезде курсакты сырткы күчтөрдөн же сууктан коргойт. Демек, майдан коркуунун кереги жок.

Майдан арылгысы келген кыздар эң алгач организмине маани бергени оң, көп күч жумшап, туура тамактануу керек. Күч жумшоо дегенибиз — көп машыгуу жасоо. Мунун баары ниетке байланыштуу: эгер кыздар майдын ордуна “кубик” чыгаргысы келсе же майдан таптакыр арылгысы келсе, машыгууну көп-көптөн жана ар дайым жасап турушу керек. Майдан толук арылгым келет дегендер бий менен (өзгөчө чыгыш бийи), жеңил көнүгүүлөр менен машыкса болот. Ал эми эгер “кубик” чыгаргысы келсе, машыгуу залынан чыкпай, көп тер төгүүлөрү тийиш.

Бир гана жолу жасаган машыгуу аздык кылат. Эгер сиздин ичиңизде мурунтан “кубиктер” болуп көрүнбөй калган болсо, анда алар май алдында калган. Мындай учурда туура тамактанууга маани бериш керек жана кардиомашыгуулар менен алектенген оң. Тез тарай турган углевод менен канттан алыс болуңуз. Белокко бай тамактарды, мөмө жемиштерди жеш керек: гречка, күрүч сыяктуу зат алмашууга жардам берген азыктарды рационго кошуңуз.

Ошону менен бирге, суюктукту тамак менен аралаштырып ичпеңиз. Ач карынга вакуум көнүгүүлөрүн жасаңыз. Вакуум көнүгүүсү дегенибиз- ичтеги абаны бир чоң дем алып кармап туруу болуп саналат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу