Ашыкча акча жумшабай сулуу болуңуз!

Ар дайым сулуу болуп жүрүүнү баарыбыз каалайбыз. Сулуулук салону менен фитнес борборлору көп акчаны талап кылат. Ошентсе да ашыкча акча жумшабай өз-өзүңө күтө билүүнүн жолдору жок эмес.

Спорт

Атайы залдарга барбай эле, үйдө машыгып, дене мүчөңүзгө кам көрүңүз.
Төшөктүн үстүнө жатып, эки бутту созуп, төшөктүн четине чейин жеткириңиз. Колуңузду башыңыздан ашырып, созуп, керилип, манжаларды катуу жазыңыз. Колуңузду саныңызга жеткирип, созуңуз да, денени бош кылып, жибериңиз. Керилүү машыгууну 3-4 ирет кайталаңыз.
Дагы бир машыгуу – башыңызды оңго, солго, төмөнгө, жогоруга бир нече жолу буруңуз. Колго массаж, көнүгүүлөрдү жасаңыз.
Денени машыктыруу сабаганан үйрөгөн көнүгүүлөрдү эске түшүрүп, колду, ийинди бир нече ирет өйдө көтөрүп түшүрүңүз.

Пайдалуу кеңештер

Күнүнө бир аш кашык бал жеп туруңуз. Аны чай менен кошуп жесеңиз да болот. Күндө эртең менен лимондун бир тилимин кайнаган сууга кошуп, ичип алыңыз.
Тамактануунун алдында 1 стакан суу ичиш керек, ал эми эгер кайнаган сууга лимон кошуп ичсеңиз, пайдасы эки эсе көп болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу