Ашхабадда кыргыз-түркмөн сүйлөшүүлөрү өтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация президент Сооронбай Жээнбековдун Ашхабадка мамлекеттик сапары учурунда кол коюла турган башкы саясий документ болуп калат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Мамлекет башчысы Түркмөнстанга бүгүн барат. Эки күндүк сапар алкагында ал Арал деңизин сактоо фондунун эл аралык саммитине да катышат.

Данияр Сыдыковдун айтымында, буга чейин өкмөт аралык комиссия эки-үч жылдан бери токтоп турган ишмердүүлүгүн кайра улантып, кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда мурда кабыл алынган келишимдер аткарылбай жатканынын себептери, кызматташтыктын негизги багыттары талкууланган.

Ушул мамлекеттик сапардан кийин эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык да көбөйөт деген ниеттебиз.

Ал эми Арал деңизин сактоо фондунун эл аралык саммитинде Кыргызстан бул уюмдун ишине байланыштуу көз карашын так билдиргени жатат. Данияр Сыдыков белгилегендей, 2009-жылы Борбор Азия президенттери фонддун тутумун жана келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышкан, бирок Кыргызстан бул маселеде алдыга жылууну байкаган жок. Ошондуктан кыргыз тарап фондду комплекстүү реформалоону жактайт.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу