Ашканага керектүү кеңештер

Сарымсактын кабыктарын аарчыгандан кийин бир банкага салып, зайтун майын куюп сактоого болот.

Пиязды куурган кезде бетине бир аз ун себелеп койсо карарбайт.

Пирожки бышырганда бети кызарып бышуусун кааласаңыз, камырдын үстүнө жумуртка же айран сүйкөңүз.

Меште тоокту бышырган кезде бир лимонду экиге бөлүп, жарымын бетине сүйкөп, ал калган жарымын тооктун ичине салып коюңуз.

Баклажандын ачуусун кетирүү үчүн, кабыгын аарчып же туурап бир аз убакытка тузду сууга салып коюу керек.

Кесилген жана ачык абада калган пияз зыяндуу болот. Ашып калган пияздар стретч пленкага (жумшак рулонго кленкага) оролот.

Бууга жылытылган тоок эти даамын жоготпойт.

Айрандын витаминдери менен минералдары суусунда.

Жеңил күйүктөр муздак суу менен же муз менен суутулат. Жеңил күйгөн териге чийки жумуртканын агын сүйкөп, 5-6 саат жуубай кармап туруш керек.

Кийимге тийген сыяны кетирүү үчүн, сиянын тийген жерине тиш пастасын сүйкөп, кургагандан кийин жууп саласыз.

Картошка сууда кайнагандан кийин муздак сууга салынса, кабыгы оңой ачылат.

Чычкандардан кутулуу үчүн алар жүргөн жерлерге кара мурч сээп койсо, чычкандар качан.

Тоокту мешке салуудан мурун 2 кашык айран, 1 кашык томат жана бир аз зайтун майын кошуп аралаштырып, тоокко сүйкөп, бышырса кызарып чыгат.

Жезден жасалган идиштерди жылтыратууну кааласаңыз, аларды уксус же лимон жана туз менен жууңуз.

Катып калган этти бирдей өлчөмдөгү уксус жана суу майга салып коюңуз! Тез арада жумшарганын көрөсүз.

Салат жалбырагын жана көк чөптөрдүн жалбырагын бычак менен эмес, кол менен туураса витаминдерин жоготпойт.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу