АШКАЗАН ЖАНА ИЧЕГИ ЖАРАСЫ КӨПКӨ АЧКА ЖҮРҮҮДӨН ЖАРАЛАТ

Ашказан жана 12 эли ичеги жарасынын жаралуусу жана дарылап айыктыруу жолдору тууралуу Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Абдрасул Калжакеев айтып берет. Учурда ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусу менен ооругандардын 70-90 пайызынын дарты дары-дармек менен айыкпайт же уламдан-улам кайталанып кармай берет. Буга туура эмес тамактануу, стресстин көптүгү, экологиянын начарлашы, жашылча-жемиштердин химиялык жер семирткич менен өстүрүлүп жатышы жана башкалар себеп болууда. Ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусунун өнөкөткө айланган, курч кармаган түрү бар.

КЕЛИП ЧЫГУУСУН ШАРТТООЧУЛАР

Хеликобактер пилори Ашказан-ичегинин өнөкөт оорулары (гастрит, панкреатит) Дары-дармектер (аспирин, индометацин, диклофенак, бутадион, кетопрофен, ибупрофен жана башка) Куурулган, туздалган жана тез даярдалуучу азыктарды көп колдонуу, кургак жана баш аламан тамактануу Ичкилик ичүү, тамеки жана насыбай тартуу Уулануу Баңгизаттар Тукум куучулук, стресс Хеликобактер пилори оорунун 75 пайызынын күнөөкөрү. Аталган бактерия ашказанды байырлайт. Ал ашказанга барып түшкөндөн кийин анын былжыр катмарын тешип кирип, тегерегиндеги клеткаларды жеп баштайт жана ууларды бөлүп чыгарууга өтөт. Тешилип калган жер ашказандын туз кычкылынан жана тигилер бөлүп чыгарган уулардан улам сезгенип, жара пайда болот. Бактериялар бара-бара былжыр катмарынан булчуң катмарына өтүп, андагы кан тамырды да жей баштайт. Кан тамыр жарылганда кан кусуу, ичтен кан кетүү күтүлөт. Хеликобактер пилори организмге кир кол, булганган тамак менен суу, шилекей, идиш-аяк, өбүшүү аркылуу кирет. Адам кайгырып-капаланганда ашказанда туз кычкылы көп бөлүнүп чыгат. Тукум кууган түрүндө адамдын ашказанында туз кычкылы табиятынан көп болот. Эки көрүнүштө тең адам убак-убагы менен тамактанбай, ачка калуу өнөкөткө айланса, ашказанда тамак жок кезде ашказан былжырынын бети ачык калат да, туз кычкылы анын бетин оюп жиберип, жара жаралат.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ Зарна болуу Ашказандын оорушу. Оорутуу ашказанда жара болсо тамак ичкенден 30-60 мүнөттө, 12 эли ичегинин жарасында тамак ичкенден 2-3 сааттан кийин же түн ичинде башталат. Кусуу Оозго сары суу келүү Майлуу тамак ичкен соң май кылгыруу Арыктоо Бычак сайгандай катуу оорутуу, бүрүшүп отуруп калуу, кан кусуу, ичтен кан кетүү, чалкалап жата албай калуу (жара жарылгандагы белги) Курсак көңдөйүндөгү ириңдөө (жара жарылып, кан кеткенден кийинки абал)

ДИАГНОСТИКА Гастроскопия Рентген Кан, заара анализдери

ДАРЫЛОО Оору өтүшүп кетпеген болсо хеликобактер пилориге каршы антибиотиктер, ашказандын кычкылдуулугун төмөндөтүп, булчуңдарынын жыйрылуусун азайтуучу дары-дармектер, физиопроцедура, диета сунушталат. Оору татаалдашып кетсе, операция жасалат.

ДИЕТА Жеп-ичүүгө сунушталат: Кургатылган нан, сүттөн жасалган суюк тамактар жана ботко, жашылчадан суп-пюре, сууга бышырылган уйдун эти, боору жана майлуу эмес балык, айран, пюре түрүндөгү ашкабак менен сабиз, банан, кыям, сүттөгөн чай, компот. Күнүнө 6-8 жолу аз-аздан тамактануу зарыл. Жей турган тамак өтө муздак да, өтө ысык да болбошу шарт. Баш тартуу керек: Кара нан, пирожки, тез даярдалуучу тамак-аштар, газдалган суусундуктар, кофе, майлуу эт жана балык, каймак май, жумуртка, бадыраң, баклажан, козу карын, туздалган, сүрсүгөн жана ышталган азыктар, шоколад, томат соусу, мурч, калемпир, кычкыл жемиштер.

ДАРЫЛАБАСА Оору өтүшүп баштаганда жаралар көбөйөт жана акырындап алар биригип, чырмалышып өсүп калат. Тегерек-чети берчке айланат. Акырындап коңшу жайгашкан органдарга (уйку бези, боор) да өтүп, аларда да жараны пайда кылат. 12 эли ичегинин бети айыгып, кайра жаңырып, карттанып жүрүп отурган жаралардан улам тырышып-бырышып, акыры бүтөлүп, өмүргө коркунуч жаратат. Ашказан жарасы ракка өтүп кетет, 12 эли ичеги жарасы ракка өтпөйт. Кан кусуу, ичтен кан кетүүдө дароо операция жасалбаса, адам көз жумат. Андыктан оору белгилери билинер замат текшерилип, дарылануу зарыл.

КЫЗЫКТУУ Ашказанында жара же гастрит болсо адамдын түшүнө бузулуп кеткен эт, балык, жебей турган нерселерди жей берүү көп кирет. Ойгонгондо жүрөгү айланып, кускусу келет. Сарымсак же баклажан жегенден кийин ашказан ооруса, анда гастрит же ашказанда жара бар.

АШКАЗАН ЖАНА 12 ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫН ЭЛДИК МЕДИЦИНА МЕНЕН АЙЫКТЫРУУ

Мекеринин (горец змеиный) тамырынын кургатылып, талкаланган упасынан 1 чай кашык алып, ага 150 грамм суу куюп демдеп коюу керек. Анан аны жылуу кезинде баарын ичүү зарыл. Дарылануу курсу 10 күн. Алоэнин 200 грамм ширесине 300 грамм бал кошуп, 200 грамм спиртке ачытып, 7 күн караңгы жерде кармоо керек. Аны тамактан 1 саат мурун 1 чай кашыктан 3 маал ичүү кажет. Бака жалбырактын 1 аш кашык кургатылып талкаланганын алып, үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, 10 мүнөт демдейбиз. Муну 1 күндө 3 жолу бөлүп ичүү кажет.

Эскертүү: Колдонуудан мурда врачыңыз менен кеңешиңиз!

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу