Ашказанына салынган баңгизатты алып бара жаткан кыргызстандык 11 жылга кесилди

Ашказанына салынган героинди Бишкектен Россиянын Томск шаарына алып бара жаткан жаран күчөтүлгөн режимде 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Россиялык маалымат кызматтары жазып чыкты. Эске салсак, 28 жаштагы Кыргызстандын жараны героин менен ушул жылдын май айында Томск шаарында кармалган. Текшерүүдө анын ашказанынан 5,23 грамм баңгизат табылып, кылмыш иши козголгон.

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу