“АША” өзүнө өзү ор каздыбы?

Ошентип жаздан бери «бүгүн чыгара албай», ойлогон оюн Фарид Ниязов командалык кылган «чүмбөтчөн» фейктер аркылуу таркатып келген АША, кечээ өзүнүн жеке менчик «Апрель» каналына «арманын» айтты. Чындап келгенде, коомчулук Атамбаевдин эмне деп айтаарын алдын ала билип, социалдык түйүндөр аркылуу анализ кылып жатышкан. Айткандай эле, АША эски пластинкасын коюп, «элдин баары жел-могуз мен жана менин жан жөкөрлөрүм периште» таризинде маек курду.

Ал ортодо, АШАнын маеги боюнча, жөнөкөй жарандардан баштап, аттуу-баштуу адамдарга чейин массалык маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу өз ойлорун ортого салды.

Мисалы: «Марал» радиосуна айтылуу укук коргоочу Рита Карасартова жана экс башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Атамбаевдин «Апрель» каналына берген маегин талкуулашты.

Рита Карасартова негизинен Атамбаевге карата терс маанайда пикирлерди далилдүү фактыларга таянып билдирди. Ал Атамбаевдин башкаруу жылдарында айрым саясатчылар күнөөсү жок болсо да саясий туткунга айланганын, сотторго Атамбаев өзү көрсөтмө бергенин белгиледи. Ошондой эле соттук реформа кылбаганын, жергиликтүү бийликти талкалаганын, прокуратура ж.б. тармактарда эч кандай реформа болбогонун айтты.

Эски бийликтин тушунда, «сотторду реформалоо» деп катуу «коңгуроо кагылганы» менен соттор бийликтин көзүн карап, биротоло «чөн-төк сотко» айланганын ким танат? Прокуратура тууралуу сөз кылууга да арзыбайт. Анткени бул көзөмөл кылуучу орган, саясий оппоненттерди жазалоочу органга айланып, анын башында «кабылдама ханышасы» деңгээлиндеги « сулуу чымчык» олтурганы калппы?

Мындан тышкары, укук коргоочу айым азыркы бийликти сындаганы менен аларды өзү алып келгенин, анын шоопуру менен жансакчылары мектептеги директордон өйдө ким болот деп чечип калганын айтты. Акыр аягында, «Бакиев менен Атамбаевдин жолу бизге баары бир, элдин жашоосун жакшыртып, карызсыз инфраструктураны оңдошсун. Мыйзамсыз иштеринин баарын өзү маегинде ачып берди. Сооронбай Шарипович реформага гана барышы керек, антпесе күчтөр Атамбаевге ыктайт» – деген пикирин билдирди.

Азимбек Бекназаров Атамбаевдин эски досу катары бир топ ачуу кептерин айтты. Экс прокурор Атамбаевдин кетирген кемчиликтерин моюнга алуунун ордуна, күнөөнүн баарын башкаларга оодаруу аракетин сынгаалды.

Ал Атамбаевдин эки качкын президенттер сыяктуу актанганын көрүп зээни кейигенин кошумчалады. «Матраимовго күнөөнү шылтагыдай ал ким эле? Жети жыл мурда Матраимов жөнүндө Атамбаев менен сөз болгон. Ошондо алмени мокочо кылган. Матраимовго, Кулматовго болушуп мени сөккөн. Эми жети жылдан кийин таптакыр тескери сүйлөп жа-тат. Башкачаайткандажетижыл бою Матраимов менен Кулматов анын кол алдында иштеген. Анан Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине киришээр күнү Матраимовду иштен бошотуп «супер коррупционер» деп атап чыкты. Анда ал менен жети жылэмнеге иштеди? Эми түштөн кийин балакеттин баарын Жээнбековго оодарып жатат» – деп белгиледи.

Мындан тышкары, Бекназаров «ал штабдагы акчаны чыгаргандарынын себеби – мен таптаза, Фарид таптаза, мунун баарын Сооронбай менен Икрам жеген деп жүктөп койду. Алдын ала «Илмиянов өзү алган акчасына өзү жооп берсин»- деп өздөрүн сактап атышат, өзүнөн алыстатып атат. Шайлоону Атамбаев өткөргөн. Штаб “Форумда” болгон. Документтер анын “Форумунан” чыгып атат. Демек ошондой чоң бир коррупциялык бир нерсе чыкса Жээнбеков эмес, Атамбаев күнөөлүү болот» – деди.

Эгер чындап эле реалдуу карай турган болсок, Азимбек мырза айткандай шайлоонун жүрүшү боюнча, толук түрдө жоопкерчиликти, АША менен анын командасы алышы керек. Анткени Сооронбай Жээнбеков талапкер катары гана катталганы болбосо, шайлоонун аки-чүкүсүнө аралашууга эч кандай мүмкүндүгү да, убактысы да болгон эмес.

«Жакшылык кылгам» деп азыркы президентке доомат арткан Атамбаевди, бир кезде Сооронбай Жээнбеков өлүмдөн сактап калганын Бекназаров эсине салды.

«Атамбаев шайлоого барып жаткан да мен жана Сооронбайдан башка түштүктөн жанында эч кимиси жок болчу. Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда ууланып жатканда аны Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжага алып барып, кымыз берип, сактап калганын айта жүрүү керек. Мен бүгүндөн баштап алардын «ажырашканын» билдим. Жээнбековду көз карандысыз президент болушу менен куттуктайм. Эми Жээнбековдун алдында бир эле маселе бар. Өзүнүн ким экенин көрсөтүшү керек. Ал реформага барып, бири-оирине окшош болгон Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин системасына өзгөртүү киргизип, жыйынтык көрсөтүшү керек. Алмазбек Атамбаевдин жасаган билдирүүсү Сооронбай Жээнбековду пайдасына кетти» деген пикирин билдирди.

Бекназаров кадр маселеси боюнча да кеп козгоп, «Атамбаев өзүнүн учурунда да Башкы прокуратураны катчысы, УКМКны журналист башкарбадыбы? Ар бир президент өзүнүн командасын түзгүсү келет»- деп сындады. Кыскасын айтканда, Атамбаевдин маеги, ага эч кандай аброй алып келген жок. Тескерисинче, коомчулукка анын чыныгы жүзүн көрсөтүп, ансыз да күндөн-күнгө төмөндөп бара жаткан аброюн биротоло тебелеп салды. Ага эч ким күнөөлүү эмес. Бул Атамбаевдин өзүнө-өзү душмандык кылуусунун натыйжасы болду…

Камчы Кадыров

Булак: «Де-Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу