АША өзүнүн «Апрель ТВсы» аркылуу актанып атабы же коррупцияга каршы күрөшкө каршы чыгып атабы?

 

Экс-президент А. Атамбаев дагы деле эркин басылмаларды, интернет-сайттарды жана телеканалдарды каржылап, өзүнүн маалыматтык саясатын жүргүзүп атканы белгилүү. Өзүнүн доорундагы коррупциялык былыктар былгып чыгып атканына туталанган ал учурда «берки суудан» күчүн чыгарып атканы да угулууда. Анан дагы «Мен күзүндө бийликти күч менен басып алам» деп опурулуп, ошол багытта тымызын иш-аракеттерди жүргүзүп атканы да шыбыш кеп болуп айтылып жүрөт.
Айтор, экс-президент өзүнүн доорунда «оң кол», «сол колдору» менен ашаган миллиондорду (доллар менен) кантип сиңирип кетүүнүн түрдүү амалын ойлонуп турган сыяктуу. Андыктан ал бүгүнкү күндө жүрүп аткан коррупцияга каршы күрөштү саясий куугунтук катары баалоого далалат жасап, элди да ошого ынандырууну көздөп турат.
Мисалы, ал өзүнө катталган «Апрель ТВ» телеканалы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп аткан саясатын каралоо аракетин жасаган экен. Тактап айтсак, аталган телеканалдын журналисти өзүнүн материалында «Президент С. Жээнбеков шайлоо алдында «А. Атамбаев коррупцияга каршы жалгыз күрөштү. Анын убагында 500дөн ашуун чоң кызматтагыларга кылмыш иши козголду» деп айткан, анан кайра президент болгондон кийин Атамбаевдин убагында эч кандай коррупцияга каршы күрөш жүргөн эмес деген сыяктуу кылды» деген ойду айтат. Анан дагы президенттин коррупция менен күрөшө турган күч органдарынын өздөрү коррупцияга малынып калганын айтканын сындайт.
Биринчиден, С. Жээнбеков ушул күнгө чейин «А. Атамбаевдин убагында коррупцияга каршы күрөш жүргөн эмес» деп айткан жок. Болгону ошол коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Ал эми күч структураларынын кызматкерлеринин өздөрү коррупцияга малынып калышканын коомчулук деле жакшы билет эле. Буга чычалоонун эч кандай кереги жок.
Ошол эле сюжетте журналист «Эмнегедир С. Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүндө жалаң эле А. Атамбаевдин командасындагылар камакка алынып атат. Ошол эле Сапар Исаков тууралуу шайлоонун алдында жакшы сөз сүйлөгөн. Кийин кайра ал камакка алынып атат» деген ойду айтат.
Эгерде акыркы алты жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда жалаң А. Атамбаевдин командасындагылар иштеген болсо, анан башка кимдер камакка алынышы керек эле?
Экинчиден, эгерде азыркы тапта коррупцияга айыпталып камакка алынып аткандар таза иштешкен болсо, аларды ким камакка алат эле? Сапар Исаковдун жаш жана билимдүү экенин эч ким танбайт, бирок анын Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иш-аракеттерге барганы ачыкка чыгып калып атпайбы?
Экс-мэр Албек Ибраимовдун жер сатканы, 9090 сомдук көчөттөрдү сатып алганы, «ТНК Дастан» ААКсын жетектеп туруп, мамлекетке ири суммада зыян алып келгени ачыкка чыгып атса, аны президент корголоп калышы керекпи?
Кубанычбек Кулматов Бишкек мэри болуп турганда кытайлык ТВЕА компаниясынан региондорго мектеп куруу үчүн бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдаланганы билинип атса эмне кылыш керек эле?
Мына ушул аттары аталган экс-чиновниктерге карата козголгон кылмыш иштерин кантип саясий куугунтук деп атай алабыз? Аларды саясий куугунтукка ала тургандай бийликтин оппоненттери беле? Андай эмес болчу. Тескерисинче, мына ушул өзү менен бир командада жүрүп, бирок коррупциялык иштерге барган чиновниктерди корголобой, алардын мыйзам алдында жооп берүүсү керек экендигин туура көргөнү — бул президенттин саясий эркинин бекем экендигин көргөзөт.
Ал эми экс-президент А. Атамбаев өзүнүн убагында жасалган коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруу үчүн ар кандай чагымчылдык саясаттарды жүргүзө берээри турган иш.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу