АША «Эл Баатыры» наамын алууга эмнеге шашууда?

Экс-президент А. Атамбаев акыркы бир нече аптадан бери ««Эл Баатыры» наамын качан бересиңер?» деп ар кимдин оозу менен доолаганга өттү. Адегенде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина бул сөздү айтып чыккан. Андан кийин КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева маалымат булактарынын бирине: «А. Атамбаевге «Эл Баатыры» наамын Тарых музейинин ачылышында беребиз дешкен, али берише элек» деп чыкты. Мына ушундан улам «Эмнеге эле экс-президент «Эл Баатыры» наамын алууга ашыгып атат?» деген суроо жаралбай койбойт. Эгерде өзүнүн деле эси болсо, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу, Тарых музейин реконструкциялоодогу ири коррупциялар чыгып аткан убакта наам доолабай отуруп турса жакшы болмок. Эмне ага «ушундай ири коррупцияны коркпой жасаганыңыз үчүн » деп наамды бериш керекпи?

Көрсө, АШАны дал ушул биринин артынан бири ачылып аткан ири долбоорлордогу ири коррупциялык элементтер чоочутуп атыптыр. Себеби, баардык эле коррупциялык иштердин аягы келип А. Атамбаевдин өзүнө такалып атпайбы. Ошондон улам «Ишенип жүргөн «оң колум» С. Исаков камалды, кампачым А. Ибраимов да анын жанында. Бири штанга көтөрүп атыптыр, бири эмне кылып атканын билбейм. Кокус ошолордун жанына барып калсам эмне кылам?» деген коркунуч менен ал «Эл Баатырлыгын» эртерээк тагынууну көздөп аткан тура. Эртең АШАга дагы кылмыш иши козголуп, темир тор артына камоого туура келсе, «Мага кече эле өзүңөр эң жогорку наамды бердиңер го, эми эмнеге камап жатасыңар?» деп доомат артканга шылтоо табылат экен. Балким, «Эл Баатырлыгын» берип деле койсок эмне болот? Темир тордун артына барганда «Мен штанга көтөрбөйм, ансыз деле баатырмын» деп жатканына жакшы эмеспи.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу