АША элден кечирим сураганы жатат, бирок анын күнөөсү кечирилгис!

 

Ишенимдүү булактар кабарлаганына караганда, экс-президент А. Атамбаев жакынкы аралыкта коомчулуктан кечирим сурап, ошол эле кезде актанганы жатыптыр. Азыр ага катуу даярданып атканын уктук.
Атамбаев кайрылуусунун мазмунунда «2005-жылдагы революцияны да, 2010-жылдагы революцияны да мен жасагам», «Мен үй-бүлөлүк режимди жок кылгам», «Мен ири долбоорлорду жүзөгө ашыргам» деп мактанып, учурдагы бийликти сынга ала турганын да бизге айтып беришти. Анан дагы азыркы коррупцияга каршы жүрүп жаткан иштерди сындап, чындыкка дал келбеген, бурмаланган фактылар менен президентти каралаганы жатыптыр. АША андан ары негизги маселелерди кыйытып өтүп, «өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативалык жол керек болчу, аны баштагам, энергетика тармагында ири долбоорлорду ишке ашырып, энергетикалык көз карандысыздыкка жетиш керек болчу, аны жасадым» деп мактана турган белгилүү иш. Бирок, элди ошол долбоорлорду жүзөгө ашырууда неге миллиондогон долларлар сол чөнтөктөргө «кирип» кеткен деген суроо кызыктырып атканын АША түшүнүп турса деле түшүнгүсү келбей аткандай.
Албетте, экс-президент катары, өлкө жараны катары ар кандай кайрылуу жасоо – бул анын укугу. Бирок, учурда анын актанган, мактанган кайрылуусу өзүнө эч кандай пайда алып келбей турганын түшүнүүсү керек.
Эгерде А. Атамбаев элге жага тургандай кайрылуу жасагысы келсе, анда ал Түндүк-түштүк альтернативалык жолу, «Датка-Кемин» ЛЭПи, Тарых музейи, Чолпон-Атадагы ат майданын курууда уурдалган миллиондор, Бишкек ТЭЦи боюнча жоголгон 200 млн. доллар сыяктуу бир катар ири долбоорлордогу ашыкча бааланган каражаттар кимдердин чөнтөгүнө «сойлоп» кеткенин жашырбай айтып бериши керек. Айрыкча, 39 тынч жаткан адамдын өмүрүн алган «кандуу жүктүн» жоопкерчилигин моюнга алышы зарыл. Кытайдан контрабандалык жол менен ташылган жүк «меники болчу, кырсык болуп кетти» деп ал боюнча ачык айтышы абзел.
Андан сырткары анын кланында иштеген К.Кулматов, А.Ибраимов, С. Исаков, А. Сегизбаев, И. Илмиянов, А. Үсөнов сыяктуу экс-чиновниктердин алты жыл ичинде эле доллар менен миллионерлерге, ал эми өзү мультимиллионерге айланып калганынын сырын ачык айтышы керек.
Андан соң калың элден тизе бүгүп кечирим сурап, өзү жана командасы «ашаган» миллиондорду кайра казынага кайтарып, түз эле түрмөгө барып отурушу керек. Атамбаев кыргыз элине кылымга тете жасаган кыянатчылыгы үчүн кеминде 30 жылга соттолот.
Эгерде анте албаса, анда кайрылуу жасап деле убара чегүүнү кажети жок. Анысы деле анын кече жакында эле жазган биринчи макаласындай эч кимдин көңүлүн бура албай калат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу