АША чын эле жыландай чагабы?

Алмаз Атамбаев убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары болуп турганда алгач А.Бекназаровдон күч органдарына кураторлук кылууну тартып алып, анын айынан экөөсү жаңжалдаша кеткенде жакындарына “ушуну Ош тарапта жүргөндө шлепнуть (атып дегени) этип таштабайсыңарбы, Бакиевдерге шылтап коёт элек” дегени убагында ЖМКларга чыккан. Бул АШАнын өз кызыкчылыгы үчүн Бекназаровдой көкүрөк тийгизишип, кан алышкан досторун да аябай тургандыгын айгинелейт.

Мына ошол эски досу А.Бекназаров “Марал” радиосуна берген интервьюсунда АШАны мактап келип, ал бир күнү Сооронбай Жээнбековду жылаандай чагып алуусу мүмкүн экендигин айтыптыр. Буга караганда эки эски дос кайра табышып, “шлепнутту” унутушуп, жарашып алгандай көрүнөт. Албетте, АШАны Азимбек Анаркуловичтен жакшы билген эч ким жок. Аны уулуу жылаанга салыштырганы — АШАнын өтө коркунучтуу адам экендигин, анда эч кандай принциптин жоктугун, ал аңдып туруп, убагы келгенде бир жамандык кылышы мүмкүн экендигин айтып турат.

Булак: ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу