АША неге КСДПдан К.Рыспаевди чыгарды?

Бир убактагы салмактуу КСДП партиясы бүгүнкү күндө бир эле адамдын жеке кызыкчылыгындагы алсыз партияга айланып калганын жашыра албайбыз. Анын башына экс-президент А. Атамбаев кайрадан төрага болуп келгенден кийин өзүнө жакпаган партия мүчөлөрүн өзү билип эле катарынан чыгара баштады. Ал эми АШАнын алты жылдык президенттик доорунда ири коррупциялык иштер болгону, анын башында экс-президент өзү турганы коомчулукка дайын болгондон кийин КСДПнын көпчүлүк мүчөлөрү өздөрү эле колдорун шилтеп, партиянын мүчөлүгүн токтотушууда. А. Атамбаевдин жеке “амири” менен жакында эле аталган партиядан ЖК депутаты Кожобек Рыспаев чыгарылганын билебиз.

Анын партия мүчөлүгүнөн чыгарылганын КСДПнын расмий өкүлү К. Жолдубаева “К. Рыспаев Бишкек ТЭЦи боюнча КСДП партиясын күнөөлөгөнү үчүн чыгарылды” деген маанидеги түшүндүрмө берген. Бирок, чындык башкача экени билинди. К. Рыспаев парламенттеги профилдик комитеттин төрагасы катары “Датка-Кемин” ЛЭПтин курулушуна байланыштуу маалыматтарды сурап Кытайга запрос жөнөткөн экен. “Бул курулушта коррупция болгон эмеспи, жабдууларга канча каражат кеткен, канча каражат эмгек акы жумшалган?” деген сыяктуу суроолор менен. Анан “Бул эмне менин артымды чукуп атат?” деп жинденген АША аны партия мүчөлүгүнөн чыгарууну чечкен тура. Бирок, аны партиядан чыгарып салуу менен эле коррупциялык иштерин жаап-жашырып кала албай турганын түшүнбөй турат окшойт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу