АША КСДПдан ажыратылат?

Парламенттик шайлоо жакын. Ошого жараша саясий жүрүштөр көбөйдү. Маселен, бийлик колдогон Сагынбек Абдырахманов Атамбаевден КСДПны тартып алуу максатында жер-жерлерде тынымсыз жыйындарды өткөрүп жатса, оппозициядагы
саясатчылар жаңы альянстарды түзүүнүн аракетинде.

Сагынбек Абдырахмановдун активдүүлүгү жакынкы мезгилдерде КСДПнын курултайын чакырууга алып келип, анда партиянын жаңы жетекчилиги шайланышы күтүлөт. Курултайдан соң КСДП Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүп,
Атамбаев бул партия менен парламенттик шайлоого баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Атамбаев КСДПдан ажыроо менен жөн жатып калбасы айкын. Ал башка бир партия менен шайлоого баруу айласын жасайт. Анткени Атамбаев үчүн парламенттик
шайлоодо кантип болбосун жеңишке жетишип, “досунан” өч алуу “өмүр же өлүм” дегендей маселе болуп турат.

Бирок да Атамбаевдин башка саясатчылар менен альянс түзүү аракети натыйжа бере элек. Форумга баш баккандар ичинен Равшан Жээнбеков менен Адил Турдукулов гана АША менен “кол кармашуу” ниетин ишаара кылды. Бабанов, Ташиев менен
сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок. Адахан Мадумаровго жагынуу аракеттери жоопсуз калды.

Бирок да Атамбаев колундагы ченемсиз акчасы, маалымат каражаты, байланыштары, тажрыйбасы менен дале олуттуу атаандаш. Анын күчү трайбализм уусун чачуу, жасакерлик, анткорлук жана башка айлалары менен дагы артат. Анын үстүнө Жээнбековдун жанынан орун ала албай калган байлар,саясатчылар кыябы келсе АША менен кайра келип, “май көл-сүт көлдү” ээлөөгө даяр.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу