АША Исаков менен Кулматовду колдоо митингине киши топтой албай жатабы?

Кыргызстанда коррупцияга шектелип камалган саясатчылардын жакындары митингге чыгып, керек болсо жол тосконго чейин барган учурлар буга чейин кездешкен. Мурдагы премьер-министр С. Исаков, Бишкектин экс-мэри К. Кулматов 5-июнда жана ЖК депутаты О. Артыкбаев 6-июнда камакка алынды. Исаков менен Кулматов экс-президент АШАнын эң жакын санаалаштары. Булар тергөөгө жардам берип акыйкат кебин айта турган болсо Атамбаевдин башы кеткени турат. Муну сезген АША Исаков менен Кулматовду колдоо митингин пландап жатыптыр. Учурда “Форум” имаратында атайын кол топтолуп, ага кол койгондордун өздүк маалыматтары, телефон номерлери да чогултулууда. Бизге ишенимдүү булактар кабарлагандай, жакынкы күндөрү 200дөн ашуун эл топтой алса Атамбаев митинг өткөрөт. Бирок, аны колдоп митингге чыга турган адамдардын саны 50гө жетпей жатканы кызык булууда.
Атамбаевди азыр киндик каны тамган Арашан айылынын тургундары да колдоодон баш тартып жатыптыр. Кыскасы, абалдары чатак. Эгер Атамбаев 6 жылда уурдабастан таза иштегенде мындай тагдырга туш болбойт эле. Бирок, буга өзү жол берди, эми азабын өзү тартканы турат.

БУЛАК:maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу