АША жаш кадрларга кантип садисттик кылган?

Садизм бул — айрым психикалык жактан жабыр тарткан адамдардын каны менен бүткөн сапаттардан, ал ар кандай формаларда көрүнөт. Ал дартка кабылгандардын айрымдары тилсиз макулуктарды кыйнагандан өзгөчө ырахат алышса, бирөөлөрдү экстремалдык жагдайларга кабылдырып, анан маашырлана көз салгандары да болот. Маркиз де Сад жөнүндө айтпай эле коёлу. Тарыхта Венгриялык Батори деген графиниянын жаш кыздарды өлтүртүп, алардын кандарына жуунганды жакшы көргөнү да белгилүү. Ал 650  кызды өлтүрткөндөн кийин кармалып, калган өмүрү түрмөдө өткөн. Бизде экс-президент Алмаз Атамбаев жаш кадрларды коррупциялык иштерге аралаштырып, алардын тагдырларын бүлүнткөндүгү жагынан тарыхка кирип калат окшойт. Ал жооптуу кызматтарга койгон кадрлардын көпчүлүгү өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткара алышпай кызматтарынан мурда эле кетишкен, экинчи алардын саясий ареналардан көрүнүүсү кыйын. Эрте кеткендериники жакшы болгон экен, болбосо аларды да АША Айбек Калиев, Сапар Исаков, Нурсулу Ахмедова, Мирлан Байгончоков, Бакыт Абдиев, Нурлан Өмүркул уулу, Санжар Муканбетов өңдөнтүп шектүү иштерге аралаштырып, айрымдарынын тагдырларын биротоло бүлүндүрүп, убалдарына калмак окшойт.
Ачыгын айталы, бул өңүттөн алганда, Айбек Калиев түздөн түз АШАнын кызыкчылыгынын курмандыгына айланды. Айбек Калиевди жакындан билбесек да сыртынан ар жерлерде маңдайынан тери чыккыча шашып-бушуп, көздөрү алактап жүргөндүгүн көп эле көрдүк. Ага килейген тармак түгүл, министрликтин бир башкармалыгын жетектегенге да эрте эле. Бишкек ТЭЦинин айланасындагы коррупциялык иштерди уюштурганга ал чындап өз ыктыяры, түшүнүгү менен катышпаганын бөркүбүздөй эле көрөлү. Ал Сапар Исаков экөөсү элдин баары билсе да укуктук жактан азырынча “икс” болуп турган адамдын алдоосуна кирип, шыкагына көнүп гана жагдайдын курмандыгы болуп калгансыйт. Кыргызча айтканда, азырынча “кырма аяктагы кымызды түгөтө ичкен кутулуп, анын чекесин жалагандар тутулуп” турушат. Бирок, “иксти” УКМКнын тергөө башкармасына чакыртып сурак кылганга да кезек жетет окшоп калды.
Жогорку кызматтарга жаш кадрларды көтөрүү керек, ал жакшы, бирок объективдүүлүк, калыстык болуусу, сөзсүз алардын даярдыктары, билимдери, төмөнкү кызматтардагы сыноолордон кандай өткөндүктөрү, потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана инсандык сапаттары эске алынуусу зарыл. Ушул элтеңдеп жүргөн шыр мурунду мынабу чоң кызматка дайындап койсом, ал сүйүнгөнүнөн менин этегимди өөп, көзүмдүн агы менен тең айланат, айткандарымды кыңк этпей аткара берет, кокус эртең бир нерсеси чыкса, анда менин кандай жумушум бар, өз убалы өзүнө дегендей жекече кызыкчылык болбошу керек. Жаш кадрларды андай максаттарда кызматтарга дайындоо — жаш күчүктөрдү сууга ыргытып жиберип, алардын канчалык жан далбасташып, жээкке чыгууга аракеттенишсе да сүзгөндү билбегендеринен улам чөгүп жаткандарын шылдыңдуу ырахаттана карап тургандай эле иш. Тилекке каршы, АША кадрдык саясатында мына ушундай садисттик көрүнүштөр менен чектешкен иштерди жасап, көптөгөн жаш кадрлардын, таза иштейм, мамлекеттин казнасына кол салбайм деген аруу ниеттегилердин убалдарына калды. Дагы канчасы АШАнын кызыкчылыктарынын курмандыктарына айланышат, аны убакыт көрсөтөт.
Анткидей алар АШАга кай жактарынан жазышты эле, ыя?

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу