АША жалган цифраларды келтирип деле элди ишендирем деп ойлойбу?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев калпты цифралар менен деле эч тартынбай туруп айта бере турганын көрсөтүп алды. Кыязы, «Мен ушинтип цифраларды факты катары тизмектеп койсом, ага эч ким көңүл бурбай эле ишенип калат» деп ойлогон окшойт.

Бирок, бүгүнкү заманда эч качан эч кимди алдай албай турганын акыры түшүнүшү керек. Өзгөчө цифралар менен сүйлөөр алдында терең ойлонуп, талдап, анан гана аны коомчулукка алып чыгуу керек.

Кече жакында эле экс-президент кере кулач макала жазып, анда өзүнүн убагында тыштан алынган карыздар тууралуу кеп салып, төмөндөгүчө актанып, цифраларды мисалга келтирген эле: «Бүгүн саясаттагы кызыл кулактар Атамбаевдин тушунда тышкы карыз көбөйүп, 3 миллиард 800 миллион АКШ долларына жеткенин айтып кыйкырышууда. Бирок бул жерде алар, эгерде тышкы карыз доллар менен алганда 47,2%га, сом менен алганда 115,4%га өссө да, номиналдуу ички дүң продукция сом менен 132,5%,га, доллар менен алганда 58,5%га. өскөнүн таптакыр көргүсү жок. Дүйнө жүзү боюнча бардык жерде экономисттер мамлекеттик карыздын номиналдуу көлөмүнө эмес, мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышына карайт – антпесе бул кадимки эле кызыл кулактыкка окшошуп калат».

Мына ушундайча ал өзүнүн убагында чет мамлекеттерден алынган миллиондордун максатсыз сарпталып кеткенин жаап-жашыргысы келет. Ал өзүнүн макаласында тышкы карызды 4%ка жеңилдеттим дегендей мактанат. Ачыгын айтканда ал көрсөткөн жогорудагы цифраларды да Улуттук банктын маалыматтарынан таба албайсыз. Анда аны А. Атамбаев кайдан алды? Оюнан токуп чыктыбы?

Тескерисинче, анын убагында тышкы карыз ИДПга карата 47%дан 56,6%ка өскөн. Муну финансисттер өтө кооптуу деп айтып келишет.

Экинчиден, АША бул макаласы аркылуу коомчулуктун көңүлүн сырттан алынган карыздардын максатсыз жумшалып кеткенинен башка жакка бургусу келет. Эгерде ал өзүнүн ак экенине, тазалыгына ишенсе, анда биринчи кезекте Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо 386 млн доллардын кандай жабдууларды алууга, кандай кызмат көрсөтүүлөргө жумшалганын так айтып бермек. Анан дагы ошол сатып алуулар, кызмат көрсөтүүлөр базар баасынан өйдө болбогонун тастыктамак. Тилекке каршы, бул долбоордон ал өзү бери жагы 150 млн долларды «ашап» койгону ачыкка чыгып отурат.

Мындан сырткары, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун курууда, Тарых музейин реконструкциялоодо, «Датка-Кемин» ЛЭПти курууда да коррупциялык схема «ойногону» ачыкка чыгууда. Ырас, бул долбоорлордун баары керек болчу. Керек экенинде кеп жок. Кеп аны жүзөгө ашыруудагы ири суммадагы каражаттардын жеке адамдардын чөнтөгүнө кирип кеткени тууралуу болуп атат. А. Атамбаев мына ушулар тууралуу кеп кылышы керек эле.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу