АША бош эмес, ал «аркы жээкте» жүрөт

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурдагы абалы өтө аянычтуу дешет жанындагылары. Акыркы 3-4 күндөн бери карай хансарайынын бир бөлмөсүнө кирип кетип чыкпай атат экен. Маал-маалы менен берки «бөдөнө сүтүнөн» 3-4 бөтөлкөнү алдыртып алат экен дагы болду, бөлмөсүн ичинен бекитип алып, гитарасын колуна кармап, муңдуу кайрыкты созуп коюп отурат экен.

Албетте, ал мындай абалга акыркы бир нече айдан бери көп түшүп келатканын айтып жүрүшөт. Бирок, андай учурда аялы Раиса Атамбаева жардамга келип, капельница тамчылатып адам кылып койчу тура. Ал эми акыркы бир нече күндөн бери карай Раиса айым Түркияда. Мына ушундан пайдаланган экс-ажо «жинди суу» менен жалгыз калып, жиндилерче «сүйлөшүп» отурат экен.

Негизи ушул күндөрү анын 1-2 жерде пландаштырган иштери да болуптур, бирок «бөдөнө сүтү» аны «аркы жээктен» берки жээкке таптакыр жөнөтпөй жатканынан улам, баардык пландаштырган иштери «отбой» болуп атыптыр. Жалгыз калуу деген жаман нерсе да.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу