АША Албекке окшогон «ириткилерин» 8-февралдан кийин эле алып кетсе болмок

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда үй-бүлөлүк башкаруу орнобогону менен анын жакындарынан турган (шоопуру, жан сакчысы, кампачысы, катчысы ж.б.) кланы Кыргызстанды бери дегенде 20 жылга артка тартканын көрдүк. Жалың “тексиздерди” жанына топтоп, жөндөмү жогун да “ишенген адамым” деп көтөрө берип, мамлекетти сазга батырды. Шоопур, кампачы, жансакчы дегендер ушунча ач көз болобу, кызарган жердин баарын ээлеп, ал эмес сырттан келген карыздарга чейин колун матырып, ашкере кутурганын эми билип жатабыз. Президент Сооронбай Жээнбеков муну 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кыйытып айтып, көрөгөчтүк кылган экен. Өлкө башчысынын дал ошол жыйындагы кайрылуусуна Атамбаев катуу чычалап, бүтүндөй комадасын ажого агытып, маалыматтык чабуулду катуу баштаган эле. Көрсө АША чычалагандай бар тура. Эми АШАнын кылмыш иши козголгон «кампачысы» Албек Ибраимов кызматтан куулду. Буга да өзүнүн шалаакылыгы, ишине болгон кайдыгерлиги себеп болду. Биринчи вице-мэр камакта жатса, дагы бир орун басары эмгек өргүүсүндө жүрсө, шаарда жумуш кычап турганда кайсы адам тоо аралап кымыз ичип кетсин? Шаардык депутаттар туура чечимге келди. Эми Албек мырза кызматына алаксыбай кеңири сурак берсе болот. Албек Ибраимов АША “жат” десе жатып, “тур” десе турган адам. Ал мэр болуп деле жыргатмак эмес. Күн алыс Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө ушак ташып, аткаруу бийлигиндеги командага жуурулушуп кете албай жүргөн. Артында калбыры бар, ири коррупциялык иштерден кулагы көрүнгөн фигурага айланган Ибраимов АШАнын кызматтан кеткен кадрларынын бири. Эгер Атамбаевдин акылы болгондо 8-февралдан кийин эле Албекке окшогон “ириткилерин” кошо алып кетмек. Ошондо мынчалык уят да болмок эмес.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу