АША адамдан эмес, алкымынан адашканын түшүнө элекпи?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ой-жүгүртүүсү өтө тар, өзүнүн гана кызыкчылыгынын тегерегинен чыга албаган пенде экендигин эми биле баштагансыдык. Ал өзү бийлеп турган алты жылдык мөөнөттө коррупцияга каршы күрөшүмүш этип, бирок ашынган коррупционерлерди тарбиялап чыгарганы, алардын башында «отметкага келип тургула» деп өзү турганы акыры ачыкка чыкты. Ошентип, А. Атамбаевдин доорунда өлкөбүздө болуп көрбөгөндөй коррупция өнүккөнү билинди. Болгондо да сырттан келген кредиттерди өөнөө жагынан ал Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди жолдо калтырыптыр. Мына ушундан улам ал алгачкы байлыгын Жазуучулар союзу үчүн деп бөлүнгөн 50 млн рублди өзүмдүк кылып алуу менен топтогон деген Акаевдин айтканы чын окшойт деп калдык. Эми ошентип былыктары четинен чууруп чыгып атканына жүнү тетири айланып аткан АША жакында эле аттуу-баштуу аксакалдардын бири менен жолугуп, «Мен мураскер тандоодо адамдан адаштым, бирок тактикадан адашкан жокмун» деп өзүнүн ичинде катылган пландарынын чет-четин чыгарыптыр. Кыязы, ал бийликти басып алуу планынын учугун чыгаргысы келсе керек. Эгерде анын ошондой ою болсо, анда Кыргызстанга укум-тукумуна чейин батпай кала тургандай кадам жасай турганын унутпашы керек. Себеби, элибиз эми коррупционердин артынан ээрчибейт, ага алданбайт. Андыктан акчанын күчү менен башаламандык салам десе, анда канкор атка конуп, өмүр бою чет мамлекеттердин биринде күн кечирүүгө аргасыз болот. Баса, АША өзүнүн башкы жаңылыштыгы эмнеде экенин туура баамдап алганы оң. Ал мураскер тандоодо адамдан адашкан жок, ал алты жылдык мөөнөтүндө алкымынан адашты. Алкымын тыя билгенде эле анын бүгүнкү абалы алдаканча жакшы болмок. Коррупцияны ооздуктаган, таза иштеген экс-президент катары тарыхта калмак. Тилекке каршы, ал алкымын тыя албай, миллиарддарды ашап койгон болуп атпайбы.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу