АШАчылардын элдин биримдигин бузууга жасаган аракеттери жазасыз калбасын!

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда: “Ысык-Көлдүн эркектеринен уйлары жакшы, алар бандиттер, Таластын эли – эл деле эмес, нарындыктар суусун булгоодо, таластыктар Абыке-Көбөштүн тукумдары,” — деген сыяктуу мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирчү сөздөрдү айтып келди. Андай сөздөрдү Жалал-Абад, Ош облусунун эли менен жолугушканда алардын даректерине да айткан. Андан мурда “Ош менен Жалал-Абадды Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев бөлүп алышсын, мага калганы деле жетет”, — деп келген. Ал пенсияга чыккандан бери кайын инилерине, шоопур, күйөө балдарына катталган сайттар, телеканалдар аркылуу жогоруда айтылгандардан да ашынган трайбалисттик маанайдагы саясатты жүргүзүүдө. Алар күн сайын “азыркы президент түштүктүн кадрларын гана көтөрмөлөп, түндүктөн чыккан кадрларды чоң кызматтарга жетиштүү дайындабай жатат. Сооронбай Жээнбеков кадрларга келгенде трайбалисттик саясат жүргүзүүдө”, — дегендей маанилердеги маалыматтарды таркатышууда. Эгерде бир азыр иштеп жаткан министрлердин, ведомстволордун, Президенттин жана Өкмөттүн негизги бөлүмдөрүнүн башчыларын алып, алардын тек жайларын сүрүштүрсөк, төмөндөгүдөй болуп чыгат: жалпысынан аталган кызматтарда 39 адам иштесе, алардын 7сү Ош, 6су Жалал-Абад, 2сү Баткен облустарынан чыккандар, же жалпысынан 15 адамды түзөт. Түштүктүн өкүлдөрү жетекчи кызматтардын 40 пайыздайын гана ээлешет. Биз мында 39 жетекчинин аты-жөндөрүн атап чыгалы десек, ал өтө эле узарып кетет, анын үстүнө тизме июнь айында эле маалымат каражаттарына жарыяланган. Демек, АШАнын айланасындагы ыйманы жоктордун “азыркы президент жердешчил болуп кетти, трайбалисттик саясат жүргүзүп жатат” дешкендери чындыкка таптакыр жакындабайт. Буларды АША, анын айланасындагы өздөрүн аналитик деп эсептегендер эң сонун билишет. Анда эмнеге алар жалганды чындай кылып көрсөтүүгө аракеттенип жатышат? Себеби бирөө эле. Анткени, алар: “биз президентти, анын айланасындагыларды жегич, ичкич десек, ага эч ким ишенбейт. Жээнбековдордун таза экендиктерин элдин баары билишет. Ал биздин АШАдай көзүнө көрүнгөндөрдүн, колуна илингендердин бардыгын ашаган эмес. Жердешчил, тууганчыл болуп кетти деген сыяктуу ушактарды тарката берсек, аны ким талдап, текшермек эле. Түндүктүк туугандарыбыздын баары болбосо да, бир бөлүгү ишенип, ичтерин уруп калышат, бизге ошол эле керек”, – деген эле кутум максат. Бирок алабарман АШАчылар антип от менен ойногон өтө опурталдуу нерсе экендигин, элди кайраштырып, биримдигине доо кетирүүгө аракеттенгендерге карата Кылмыш кодексинде тийиштүү беренелер бар экендигин да эстеринен чыгарышпаса. Бизде ушул убакка чейин ал беренелердин элди бөлүп, жарууга умтулушкан чагымчыларга, провокаторлорго карата колдонулбай келди. Эми акыйкаттык орногон заманда бул беренелер иштеши керек. Эгерде мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин биримдик, ынтымагына доо кетирип, кутум аракеттеринде улуттун эртеңине коркунуч бар болсо, эмнеге андай көрүнүштөргө мыйзам чегинде чара көрүлбөшү керек? Анда Кылмыш кодексиндеги андай берененин эмне кереги бар?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу