АШАнын уулу Кадыр Атамбаевдин кыңыр иштери калкып чыгабы?

Экс-президент А. Атамбаев эң жогорку мамлекеттик кызматта туруп деле жеке компанияларды түзүү, өзүнүн жеке финансылык кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу сыяктуу иштерге башын салып келген экен. Айлантып отурбай, ток этер жеринен баштайлы. Айрым маалыматтарга караганда, экс-президент А. Атамбаев Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылында иш алып барган «Кыргыз шумкар борбору «Мурас»» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар. Бул уюм юстиция министрлигинен 2016-жылы катталган деген маалымат бар. Юридикалык дареги катары Кыргызстандын Стамбул шаарындагы генералдык консулу Э. Сопоковдун аялы болуп саналган Эрматова аттуу айымга катталган үй көрсөтүлгөнү жалганбы? ЖЧКнын негиздөөчүлөрү болуп РФ жараны В. Кузнецов (70% үлүш) жана Тажикстан жараны Ш. Разоков (30% үлүш) болуп саналат. Ш. Разоков башкы директор болуп дайындалган. 2018-жылдын 28-февралында негиздөөчүлөрдүн курамына экс-президент А. Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев 50%дык үлүш менен киргени боюнча тастыкталган маалыматтар бар дешет. Анын үлүшү В. Кузнецовдун үлүшүнүн кыскарышынын натыйжасында пайда болгону белгилүү экен.

«Кыргыз шумкар борбору «Мурас» ЖЧКсынын расмий билдирүүсүнө караганда, анын ишмердүүлүгү экономикага, айыл чарбага, мергенчилик жана токой чарбачылыгына, балык кармоо жана балык өндүрүүгө, тоо-кен өнөр жайына, жаныбарлар жана өсүмдүктөр продукциянын өндүрүүгө чет элдик инвестицияларды тартуу болуп саналат. Буга чейин «Мурас» борборунда экс-президент А. Атамбаев, чет элдик жарандар жана криминалдык топтордун өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече жолу түрдүү иш-чаралар өткөргөнүн билгендер айтып беришти. 2017-жылдын 2-майында бул борборго Бириккен Араб Эмираттарынан келген делегация келген. Алар өздөрү менен кошо борборго 42 шумкар жана эки тайган иттерди алып келген деген маалыматтар бар. Мына ушул «Мурас» борбору жайгашкан жер тилкесинин мыйзамдуулугу да көп суроону жаратат. «Мурас» борбору жайгашкан 1 га жердин ээси А. Кузмич (учурда Москва шаарында жашайт) болуп саналган. Ал жердеги жайгашкан үй 1925-жылы туулган Мария Кузмичке катталган. Ал 2016-жылы жарыкчылык менен кош айтышкан. Ал жарык дүйнө менен кош айтышканга чейин үйдү сатууга 1994-жылы туулган Андрей Трушковго ишеним кат жазып калтырган. Анан 2016-жылдын 25-мартында бул үй жер тилкеси менен бирге Каракол шаардык кеңешине КСДПдан депутат Т. Чолпонбаев («Тоша» каймана аты бар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү) жалган эле жол менен 2 млн сомго сатып алган.

Андан кийин өзүнүн адамдарына каттап койгон дешет. Белгилей кете турган жагдай, 858,3 га жер тилкеси жана токой массиси жана Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына тиешелүү делген 2,5 га жер тилкеси КР өкмөтүнүн 2016-жылдагы буйругу менен «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбачылыгы» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлгөн экен. Андан кийин 2016-жылдын 21-декабрында «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбачылыгы» мамлекеттик ишканасы менен «Кыргыз шумкар борбору «Мурас» ЖЧКсынын ортосунда эки жылдык мөөнөткө ижарага алуу келишими түзүлгөнү маалым болду. Ага ылайык Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы имаратты «Мурас» борбору кеңсе катары пайдаланууга ижарага алган дешет. Ошону менен бирге 2016-жылдын 6-июнунда «Кыргыз шумкар борбору «Мурас» ЖЧКсы менен Э. Сопоковдун (жер тилкеси Э. Сопоков жана анын аялына катталган) ортосунда «Мурас» борбору пайдаланып жаткан жерди мыйзамдаштыруу максатында кызматташуу жана биргелешкен ишмердүүлүк тууралуу келишим түзүлгөн экен. Мына ушул фактыларды тереңден анализдеп көрсөк, «Мурас» борборунун чыныгы ээси – бул экс-президент А. Атамбаев болуп чыгууда. Ал өзүнүн аты чыгып калбаш үчүн жөн гана Э. Сопоковду пайдаланган. Бул боюнча урматтуу экс-президент эми эмне дээр экен?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу