АШАнын тандоосу: Дмитрий Ложниковбу же Алтынбек Жумаевби?!

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арыгын чапкан “Апрель” телеканалын Дмитрий Ложников жетектеп келатканы белгилүү. Буга чейин жалаң гана бийликтин камчысын чаап, расмий адамдарды колдоо менен иш жүргүзгөндүн кыныгын алган Ложников оппозициялык маанайдагы каналды ойдогудай жетектей албай жатканына, курч саясый берүүлөрдү батынып жасай албай жатканына Атамбаев катуу нааразы болуп жаткан кербези. Диманын бийликти мурдагыдай негизсиз каралоого көңүлү чаппай калганбы же президенттик аппаратта иштеген жубайы Албина Дүйшөнбиева түнү төшөктө капталдан нукуп жатабы? Бул жагы бизге табышмак. Ал эми өзүн жылдыз сезип алган журналист Канат Каниметов кыргыз тили боюнча гана материалдар менен чектелип, аны көргөн сайын АШАнын кучунашы кармап, тигинин жарык дүйнөгө келген жерин эсине байма-бай салып атыптыр. Кыскасы, “Апрелде” абал жакшы эмес, кадимки “трагикомедия”!

Мына ушундай жагдайдан улам, Атамбаев Алтынбек Жумаевди чакырып алып, коюу демделген көк чайдан баса-баса куюп берип,  “7-канал” менен катар “Апрелди” дагы көзөмөлдөөнү сунуш кылды дейт. Кызмат дегенде жантыгынан жата калган Жумаев жок дебесе керек. “7-канал” да АШАны менчиги экенин окурмандардын эсине сала кетели. Ошондо Диманын тагдыры кантет? Намысына чыдабай “Форумду” желкемдин чуңкуру көрсүн” деп эшикти “тарс” жаап чыгып кетеби же “мойнунан байлаган” немедей Алтынбек мырзанын жетегинде жүрөбү? Күтө жаталы…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу