АШАнын кыянаттыктарын тарых да, эл да кечирбейт

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушевдин экс-президенттен кол тийбестикти алуу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдашып, аны Өкмөттүн кароосуна киргизишкендиги анык болду. Өкмөт аны Юстиция министрлиги, тийиштүү бөлүмүнүн адистери менен карап чыгып, башка аракеттеги укук-ченемдик актыларга каршы келбестигин аныкташкандан кийин ал Жогору Кеңештин тиешелүү комитеттеринде карала баштаганы турат. Исхак Масалиев ал процедураларды тездетүүгө бардык күч аракетин жумшаганы жаткандыгын билдирди.

Эки депутат даярдашкан долбоорлор “”Президенттин кепилдиктери жөнүндө”, “Жогорку Кеңештин регламенттери жөнүндө” деп аталат. Анда КРнын президенттеринин кызматтан четтетилгенден башка учурларда кол тийбестиги калтырылган. Бирок эгерде ага Жогорку Кеңеш кылмыш жасагандыгы жөнүндө айып коюп, ал Башкы прокурордун корутундусу менен президенттин иш аракеттеринде кылмыштын белгиси бар экендиги ырасталса, ал кызматтан четтетилди деп эсептелет. Экс-президент деген макамы барлардын кол тийбестиктерин алуу үчүн да ушундай процедуралар колдонулат. АШАчылардын эки депутаттын мыйзам долбоорлорунан бокочо көргөндөй коркушуп, ал АШАдан кийинки президенттерге гана таркатылышы керек, ансыз Башмыйзамга ылайык келбей калат деп жатышкандары суу кечпейт. Анткени, укук-ченемдик актылардагы бир норма жокко чыгарылып, ордуна башкасы киргизилсе, ал ошол замат күчүнө киргизилиши керек. Антпесе укуктук вакуум болуп калат.

Эгерде жогоруда аталган мыйзам долбоорлору кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңеш АШАга коррупциялык иштер боюнча айып коюп, ал Башкы прокурор тарабынан ырасталса, АША көпкө узабай табакташтарынын, соратниктеринин арасына барып кошулганы турат. Ага толук негиздер бар; Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу, Улуттук тарых музейин реконструкциялоодогу, Датка-Кемин чубалгысын, бир катар көмөкчү чордондорду, альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолун куруудагы жүздөгөн миллион долларлык коррупциялык иштер, бир эмес, эки-үч экс президентти эрктеринен ажыратканга ашыгы менен жетет. Эгерде АШАга карата катуу чара көрүлүп, кылган кыянаттык, чыккынчылык иштери үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылбаса, аны тарых да, эл да кечирбейт.

АШАнын жоопко тартылуусун бүгүн кыргыз эли да тапал кылып турат. Чынын айтканда экс-президенттерге каршы кылмыш ишин козгоого Башмыйзамдагы азыркы нормалар деле жетишет. Анда мыйзам алдында бардык жарандардын бирдей экендиги, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы иш жасагандар ким экендиктерине карабастан жоопкерчиликке тартыла тургандыгы ташка тамга баскандай так көрсөтүлгөн. Эмне үчүн мамлекеттин, элдин кызыкчылыктарына каршы кылган мыйзамсыз, коррупциялык иштери, кылымдык афёралары үчүн жоопкерчиликтен аны экс-президенттик макамы сакталып калышы керек?

Башмыйзам макамы боюнча калган бардык мыйзамдардан жогору турат, анын нормалары императивдүү күчкө ээ. Бирок укуктук система боюнча жетиштүү түшүнүктөрү жок, өздөрүн бир да тармактан көрсөтүшө албаган, ызы-чуу салганды гана билишкен дүжүр жалданма укук коргоочу атпайларды ызылдатпоо үчүн депутаттар өтө сабырдуулук кылып, ага күч органдарын ынандырып, адегенде катардагы мыйзамдардагы Башмыйзамга каршы келген нормаларды өзгөртүп алып, анан адам коркорлук афёраларды уюштурган Атамбаевдин айласын тапканы жатышканы туура болуп жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу