АШАнын коркунучтуу кланы: Жарымы түрмөдө, калганы кезегин күтүүдө…

Экс-ажо Алмазбек Атамбаев сөз менен элдин башын айлантып салган касиети бар экендиги билинди. Ал өзү башкарып турган алты жыл ичинде «Мен үй-бүлөлүк башкарууну түп-орду менен жойдум, демократиялык акыйкат бийликти орноттум, коррупцияга каршы катуу күрөшүп атам» деп көп эле мактанды. Элибиз да ага ишенип аткандай болду.

Бирок, мунун баары курулай сөз экени А. Атамбаев бийликтен кеткенден көп узабай эле ачыкка чыкты. Коррупцияга каршы күрөш тандоо жолу менен жүргөнү да белгилүү болду. Ал үй-бүлөлүк режимди кулаттым деп «өпкө көптүргөнү» менен өзүнүн айлана-тегерегине билими жок мурдагы техникалык кызматкерлерин – шоопурун, жансакчыларын жана катчы кыздарын, күйөө бала, кудаларын, мурдатан финансылык шылуундуктарды мыкты өздөштүрүп келген «оң кол», «сол колдорун» топтоп алган экен.

Бүгүнкү күндө анын ошол коркунучтуу кланынын мүчөлөрүнүн жарымысы темир тор артында, ал эми жарымысы «күтүү режиминде» «бүлкүлдөп» отурушат. Биз аларды дагы бир ирет коомчулукка тааныштырып коелу.

Адегенде АШАнын доорунда күпүлдөп, учурда темир тор артында күн кечирип аткандардан баштайлы.

Икрамжан Илмиянов – АШАнын мурдагы шоопуру. «Кожоюнунун» алты жылдык доорунда Кыргызстанды башына кийип алгандай катуу тайраңдаган. Кадрдык маселелерден тарта финансы маселелерине чейин кийлигишчү. Контрабанданы да өзү көзөмөлдөп келген. Катардагы шоопурдан үлкөн чиновникке, ошол эле убакта катардагы күн кечирген адамдан мультимиллиардерге айлануунун үлгүсү катары белгилүү болуп калды.

Сапар Исаков – АШАнын «оң колу», КР президенттик аппаратынын бөлүм башчылыгынан премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлгөн. К. Бакиевдин доорунда кыргыз өкмөтүнүн аппаратында тышкы саясат бөлүмүн жетектеген, ошол убакта кыргыз бийлигинин пландарын АКШ элчилигине ташып турганы боюнча айтылып келет. М. Бакиев жетектеген ЦАРИИде да иштеп, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча 2009-жылдагы Кытайдын ТВЕА компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн маалымдар болгон. Ал кезде ТВЕА Бишкек ТЭЦин модернизациялоону 200 млн долларга баалаган. Анан С. Исаков А. Атамбаевдин учурунда ошол долбоорду ишке ашырууда негизги фигура болуп, кытай тарап менен көптөгөн жолугушууларды уюштурган. Натыйжада долбоордун баасы эки эсеге, тактап айтсак 386 млн долларга өсүп кеткени айтылууда.

Албек Ибраимов – АШАнын кампачысы болгон. Анан 2010-жылдан кийин өзгөчө карьералык өсүш жасаган. «ТНК Дастанды» башкарган. «Манас» эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин төрагасы болгон. «Бишкек СЭЗди» жетектеген. Акырында Бишкек мэрлигин аркалады. Мына ушул кызматка ал А. Атамбаевге Кой-Таштагы 2,7 гектар жер тилкесин бергенден кийин келгени ачыкка чыккан.

Айбек Калиев – жакын күйөө баласы. КР Убактылуу өкмөтүнүн энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти, энергетика министринин орун басары, экономика министринин орун басары, Улуттук энергохолдингдин директору кызматтарын аркалаган. Учурда Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупцияга айыпталып, камакта.

Кубанычбек Кулматов — Апрель ыңкылабынан соң, АШАнын эң ишенимдүү адамы катары таанылып, анын доорунда май талкандуу кызматтарды аркалап келген. Айрым маалыматтарда 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Кулматов Бажыны башкарып, Атамбаевдин кошелогу болгону айтылып келет. Акыры мыйзамсыз иштери ачыкка чыгып, мыйзамдын укуругунан качып кутулалбай, камакка алынды.

Бул аттары аталгандарга коюлган айыптоолор жөндүү экенин элибиз эң сонун түшүнүп турат. Демек, эми алар колу менен жасагандары үчүн мойну менен жоопкерчилик тартып, мамлекеттен уурдагандарын кайра мамлекетке кайтарып берүүлөрү керек.
Булардан сырткары АШАнын доорунда майлуу кызматтарда «май сугунуп» отурган жакындары, туугандары дагы бар. Алар учурда «Мага кезек качан келер экен?» деген суроо менен баш катырып, жүрөктөрү дүкүлдөп, айрым жерлери бүлкүлдөп отурушкан чактары.

Анда эмесе, аларды да санай кетели.
Болот Сүйүмбаев – АШАнын мурдагы жансакчысы. Ал «кожоюнунун» доорунда УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлдү. Маалыматтарга караганда ал контрабандангы көзөмөлдөп келген.

Абдил Сегизбаев — кайниси. Убагында А. Акаевдин басма сөз катчысы болгон. Анан 2005-жылдагы март революциясында катуу токмок жеп, араң аман калган. Ошентип Бакиевдердин бийлиги кулаганча дайынын билгизбей жүргөн. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо А. Атамбаевдин штабында иштеген. Анан шайлоодон кийин А. Атамбаевдин жардамчысы болуп келип, улам көтөрүлүп отуруп УКМК төрагалыгына чейин жеткен. Бул кызматта туруп ал «Белизгейт» аттуу жомокту ойлоп тапкан.

Улан Исраилов – мурдагы жансакчысы. А. Атамбаевдин доорунда ИИМ министри кызматына чейин көтөрүлгөн. Мына ушул кызматка сунушталып жатканда ал кездеги депутат Ө. Текебаевдин «Сиз өкмөт мүчөсү болуп кетип атасыз. Канча өкмөт мүчөсү бар экенин билесизби?» деген суроого жооп бере албай кызарып-татарып отурганын көргөнбүз.

Дамир Мусакеев – мурдагы жансакчысы, АШАнын доорунда УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматын аркалаган.

Асель Кодуранова – мурдагы катчысы. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы, «Кыргызтелеком» ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. ЖКнын учурдагы депутаты.

Индира Жолдубаева – АШАнын мурдагы кеңешчиси. Ал А. Атамбаевдин доорунда КР президенттик аппаратынын бөлүм башчылык кызматынан түз эле Башкы прокурорлук кызматка секирик жасаган.

Улугбек Марипов – А. Атамбаевдин мурдагы жардамчысы. КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.

Кадыр Токтогулов – А. Атамбаевдин маалымат катчысы болуп жүрүп АКШ жана Канада өлкөсүндөгү Кыргызстандын элчиси болуп кеткен.

Данияр Аттокуров – АШАнын мурдагы жардамчысы. 2011-2013-жылдары «Кыргызалтын» ААКнын ревизия комиссиясынын мүчөсү. 2013-2015-жылдары КСДПнын борбордук штабынын координатору. Учурда ЖК депутаты.

Фарид Ниязов — кайниси. КР президентинин кеңешчилигинен аппарат жетекчилигине чейин көтөрүлгөн. 2010-жылдан кийин бат эле 40 гектардан ашуун жер тилкесине ээ болуп чыга келген.

Эркин Асрандиев – жакын күйөө баласы. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкаруучу төрагасы.
Алымбай Султанов – кудасы. Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болгон.

Семетей Султанов – кичүү күйөө баласы. КР футбол федерациясынын президенти.

Нурханбек Момуналиев – өкүл баласы. КР өкмөтүнүн аппарат жетекчилигине чейин жеткен.

Алмазбек Чолпонкулов – улуу күйөө баласы. «Кыргызстан Халык банк» ААКсынын төрагасынын орун басары. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкаруучу кеңешинин мүчөсү.
Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы тандоосуз күрөш жүрүүдө. Демек, акыйкаттык акыры салтанат кура турган учур келди. Андыктан мамлекеттен талап-тоноп байыгандардын баары акыры мыйзам алдында жооп бере турганын түшүнүүсү керек.

Булак: ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу