АШАнын иштөө графиги кандай эле?

Экс-президент А. Атамбаевдин убагында жасалган иштердин эмне себептен натыйжалуулугу аз болуп калганынын сыры эми билине баштады. Ал мамлекет башында турган кезде эле «А. Атамбаев резиденцияда эле жатып алып иштейт» деген кептер көп айтылчу. Бул жашыруун деле болбой калган. Анан анда-санда зериккенде шаар жакка түшүп келип, Ак үйгө саат 11лерде кирчү. Саат түшкү 1-2ге чейин кабыл алчу кишилерди кабыл алып, урушчусун урушуп, мактачусун мактап кетирчү дешет. Анан саат 16:00го чейин уйкусун кандырчу экен. Уйкусун бышырып алгандан кийин, туруп, керилип-чоюлуп алып, «кеттик резиденцияга» деп жолдун баарын жаптырып, шаар тургундарын машакатка салып, үйүнө кетчү тура. Эми өзүңүз деле анализдеп көрүңүзчү, ушундай график менен иштөөнүн натыйжасы кандай болушу мүмкүн? Эч кандай планы жок, жөн эле түшкө чейин уктамай, түштөн кийин дагы уктамай деген график кантип жакшы натыйжа берсин? Ошондон улам ири долбоорлордон ири коррупция чыгып атат да.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу