АШАнын доорун сагынган Бельянинов

Орундуу сын айтылса, ага башты салып макул болот элек, бирок Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельяниновдун каратып туруп жалганды сүйлөп атканына кантип макул болууга болот. Ал жакында эле Алматыда өткөн евразиялык ММКлар Конгрессинин жүрүшүндө «Кыргызстанда бизнес көз карашы менен сүйлөшө турган эч ким жок» деген маанайдагы пикир айтыптыр. Буга КР финансы министрлиги татыктуу жообун узатты. Министрликтин айтымында, аларга Бельяниновдун: «Кыргызстандын финансы министрлиги менен биз аздыр-көптүр иштеп атабыз, бирок алар инвестиция боюнча суверендүү кепилдик бербейбиз деп атышат» дегени жаккан эмес. Кыргызстандын финансы министрлиги перспективада узак мөөнөттүү кризисти киргизбөө максатында инвестицияны мамлекеттик кепилдик менен тартууну каалабай тургандыгы менен түшүндүрөт.

Ошол эле убакта финансы министрлиги атамекендик бизнести экономикалык чөйрөнүн шарттарынын бат алмашуусуна адаптациялоо максатында мамлекеттик кепилдик талап кылынбаган, жеңилдетилген ресурстарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүп атканын кошумчалайт. Анда неге Бельянинов өзүнчө эле туталанып атат? Ал чындап эле Кыргызстанга күйүп айттыбы же башка кызыкчылыгы бар беле? Буга жооп табуу үчүн Бельянинов өзү ким деген суроого жооп тапканыбыз туура болот. А. Бельянинов экс-президент А. Атамбаев менен ынак дос болуп жүргөнүн тар чөйрөдөгүлөр жакшы билет. Ал «табакташ досу» АШАнын доору жүрүп турган убакта Кыргызстандын да бажы тармагына башын салып, Россиядан ташылган жана ал жакта Кыргызстандан экспорттолгон товарларды «калкалоочу» болуп келген.

Демек, мамлекеттин казынасына бажы тармагы аркылуу түшө турган миллиондогон акча каражаттары Бельяниновдун чөнтөгүнө, андан кийин АША менен К. Кулматовдун чөнтөгүнө агып турганын оңой эле түшүнөбүз. Эми ошол миллиондор кан буугандай токтоп калганына ич ачышкан ал кыргыз өкмөтүнүн ишин сынга алып атпайбы. А. Бельяниновдун коррупционер экенин 2016-жылы анын үйүн Россиянын күч кызматкерлери тинтүүгө алганда эле билгенбиз. Анын үйүнөн адам оюна келбеген байлыктар табылган болчу. Анан «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» болуп, ал АША менен достошуп алганын карабайсызбы. Эми ошол өткөн чакты сагынып, «мурда сонун эле» деп аткандагысы да.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу