АШАнын дагы кайсы досунун былыгы чыгат?

УКМК АШАнын эң сүйүктүү адамдарынын бири, экс-президенттин тушунда майлуу-сүттүү орундарда гана жүргөн, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго ТВЕА шаарда бир мектепти куруу үчүн грант катарында берген 2 миллион долларды кайсап жибергендиги үчүн “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

ТВЕА Бишкек ТЭЦи боюнча контрактка кол коюлуп жатканда Кыргызстанга жалпы көлөмү 20 миллион доллардык грант берүүгө убада кылган. Анын 4 миллиону — Бишкектеги, Оштогу эки жалпы билим берүүчү мектептердин имараттарынын курулушуна, 3 миллион доллары Кара-Кечедеги ЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин, долбоорун даярдоого, ал эми калгандары ири кубаттуулуктагы трансформаторлорду, уюштуруу техникаларын ж.б. сатып алууга жумшалууга тийиш болсо, 2014-жылы Бишкек шаардык мэриясына Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу үчүн 2 миллион доллары гана бөлүнгөн экен. Аны ошол убакта шаардын мэри болуп турган К.Кулматов өз кызыкчылыгына жумшап жиберип, ал каражатка мектеп курулуп жаткандай көрсөтүү үчүн шаардын бюджетинен 100 миллион сом бөлдүрүптүр. Ал акча чоң имаратка жетпегендиктен ал мектеп алигече бүтпөй турат.

Бюджеттен сырткаркы булактардан обьектилерди курууга максаттуу каражаттар келсе, аларды дароо өз кызыкчылыктарына жумшап жиберип, анан аларды бюджеттин эсебинен бүткөрүүгө аракеттенүү да АШАнын учурунда калыптанган коррупциялык схемалардан. Алсак, Ак-Талаадагы чоң көпүрөнү бүткөрүүгө президенттин фондусунан 38 миллион сом бөлүнсө, аны Транспорт министрлигинин жолдор департаментинин башчысы жеке кызыкчылыгы үчүн Россиядагы бир фирмага котортуп жибергендигин, анын айынан аткаруучу болгон бир адам өлүп, өзү камакка алынгандыгын жакшы билебиз. К.Кулматовдун да ушундай схемада аракеттенгендиги көрүнүп турат. Эгерде ал мэр болуп дагы бир-эки жыл иштеп туруп, Калыс-Ордодогу мектепти шаардын бюджетинин ар беренелеринен кайчыланып алынган акчаларынын эсебинен бүткөрүп жибергенде, ТВЕАнын 2 миллион доллары уурдалгандыгы билинбей да калмак. Алар мектеп биздин акчабызга курулду деп жүрө беришмек, грант бюджетке кириштелбеген соң, анын чынында кайда кеткендигин Эсеп палатасы да текшермек эмес. Бирок ТЭЦти модернизациялоодон чыккан чуу АШАнын гана эмес, анын кастарлаган досу Кубанычбек Кулматовдун да былыгын чукуду. АШАнын достору менен жакындары 6 жылда Кыргызстанды каалагандай “ашаган” тура. Жоболоңдуу АШАнын дагы кайсыл досторунун былыктары ашкереленер экен, ыя?

«УЧУР» баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу