АШАнын арам акчадан кур калган досу Бельянинов ачуусун чыгарып жатабы?

Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельянинов кыргыз өкмөтүнүн адистик жөндөмүн сынга алып, «сунушталган долбоор болбогондуктан насыялоо да болгон жок» деп таарынычын айтыптыр. Бирок, кыргыз өкмөтү мындай сандырак кепти четке какты. Ал эми Бельяниновдун максаты башкада экенин жеке булактарыбыз кабарлады.

Орустун кокосуна чейин коррупцияга баткан бул “каманы” Кыргызстанга күйгөнүнөн бул сөздү айтып жаткан жок. Анын туталанып жатканын сыры такыр башкада. Биз билгенден бул Бельянинов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “табакташ досу”. Ал АША бийликте турганда биздин өлкөнүн да бажы тармагын тейлеп, Россиядан ташылган жана аталган мамлекетке Кыргызстандан экспорттолгон товарларга “крыша” болуп турган. Муну менен миллиондогон салыктар мамлекеттин казынасына түшпөй эле Бельянинов-Атамбаев-Кулматовдун чөнтөгүн кампайтып турган.

АША бийликтен кеткенден кийин мындай коррупциялык схемалар кан буугандай токтоду. Бажы тармагынан казынага миллиондор агыла баштады. Эми болсо Бельяниновго окшогондор өкмөттү негизсиз айыптоого өттү.

Негизи Бельянинов Кыргызстанга эле эмес, Россияга да күйүп-жанбаган паракор. Буга чейин ал өз чөнтөгү менен керт башын ойлой турганын далилдеген. 2016-жылдын июль айында Россиянын күч кызматтары анын үйүн тинтип, жомоктогудай байлыктарды таап чыккан. Бул боюнча анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, камалып кете жаздаганда таасирдүү фигуралар куткарып калганын билебиз. Эми ушундай коррупционердин өз башындагы төөнү көрбөй, бизге асылып жатканы уят эле көрүнүш.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу