АШАнын алкымы Максимдикинен эки эсе чоң тура

Биз сегиз жыл бою Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүн жети баштуу желмогуздай, жерден жик, эки мүйүзү тик чыккан супер жалаңкычтай эле шыбап, бокко оонаган бокочодой эле көрсөтүп келсек, аларды кууган кудай урган “временшиктердин” Бакиевдерден жаман желмогузду, апаатты мойнубузга илип кетишкендигин эми түшүнүп жатабыз. Азыр абакта жаткан Бекболот Талгарбеков “Атамбаев кыргызга миң жылда бир келчү апаат” деп эң туура айткан экен. Ал айыл чарбасын кыйратса да Атамбаевге келгенде көзү ачыктык кылып, туура эскерткендиги үчүн болсо да мойнуна илинген жылдарды кыскартып, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарса болчудай. Максим Бакиевдин 2009-жылы Бишкек ТЭЦин толук модернизациялоо үчүн Дүйнөлүк Банк менен 150 млн. долларга макулдашкандыгын, ал сүйлөшүүлөргө Сапар Исаков да катышкандыгын, ТВЕАнын 200 миллион долларлык сунушунан кымбат деп баш тарткандыгын азыр билип жатабыз. Ал суммалар Атамбаев бийликке келгенден кийин автоматтык түрдө 386 млн. долларга чыгып кеткен . Ал акчаларды башкаруу, керектүү материалдарды, жабдууларды сатып алып, подрядчиктерди тандоо толугу менен ТВЕАга өткөрүлүп берилген.

Ошондон улам биздин базарларда 2500 сом турган кычкачтардын комплектилери 600 долларга чыккан, 40-50 миң сомдон турган видео байкоо аппараттары 14-15 миң, 50 миң долларлык лифттер 350-400 миң доллардан алынган. Же биздин ошол убактагы тийиштүү жетекчилер ТВЕАнын жетекчилерине кошулуп алып, 386 миллион долларлык кредитти бекерге келген акчадай май талкан кылышкан. Эми аларды үстөктөрүнө кошо 500 млн. доллар кылып, шордуу Кыргызстандыктар кайтарып берет. Акаевдин, Бакиевдин тушунда узак мөөнөттөгү кредиттер 0,75-1 пайыздык үстөктөрү менен алынса, Атамбаевдин тушунда алынган кредиттердин бардыгынын үстөктөрү 2 пайыздык болуп саналат. Азыр абакта жаткан ТЭЦтин мурдагы директору Н.Өмүркүловдун ырастоосуна ылайык, бөлүнгөн кредиттин 100-150 миллион доллардайы уурдалган, калган акчаларына ТЭЦтин 30 пайызы гана модернизацияланган. Ал эми Белоруссия, Армения, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр 250-300 миллион долларга заманбап жапжаңы ТЭЦтерди куруп бүткөрүп, ишке киргизишти. Бишкектеги ТЭЦти толук жаңылоо үчүн дагы жүздөгөн миллиондогон долларлар талап кылынат…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу