Ачык саясат: Момбековдун корозу кокуйлап

ыскелди Момбеков, Кыргызстандагы маалымат каражаттардын көбү байларга таандык экенин ачыктады. Бирок, 10 жылдай журналисттик тажрыйбасы бар бул депутат өзүнүн дагы саясий гезиттин ээси экенин жашырбай айтып келет. Демек,  анын гезитинде эмгектенген кесиптештерибиздин өз алдынчалыгына кайсы бир деңгээлде чек коюлганы ырас экен да.

Болбосо Рыскелди мырза бийликчил СДПК партиясынан ЖКда депутат болсо дагы, улуу трибунада жагдайга калыс пикирин айтканына ынангандай эле болосуң. Ошентсе дагы анын гезити азыркы позициячыл саясатчы, чиновниктерге караганда, оппозициячылдардынкатыгын катуу берет. Ушундан улам ал гезит Момбековдун камчысын чаап жатат дегендер көп. Эми кайсы бир ЖМКны ким каржыласа, ошонун саясатын чагылдыра тургандыгын өзү минтип моюнга алып отурса.

Мына Момбеков өз сөзүндө, “… алар ээсинин айтканын, дегенин чагылдырышат. Сөз эркиндиги элге таандык, бирок азыр андай болбой жатат” дей салды. Момбековдун бул айтканына караганда, анын гезити кожоюну берген маалыматты чыгарабы?

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу