“Ачык саясат”: Ак үйдүн апендилери ажонун артынан кетчүлөр жууркан-төшөгүн ала кеткиле…

“Чын чычалатат” деген сөз тегин жерден чыкпаса керек. Анын сыңары 6-мартта КР президенти маданият кызматкерлерине сыйлык тапшырып жатып деле кармана алган жок. Адатынча актанып сала берди. Ал тургай кимдир бирөөлөргө буйрук бере салгандай дагы болду. Тагырагы, ажобуз өз сөзүндө, “Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарбай эле  ушак чыгарып калды… мен деле депутат болгом…

Ушинтип олтурганча таркап эле кетпейсиңерби!” дебеспи. Муну мен президенттин мөөнөтү жакындап бүтөрүн эстесек, Апендинин уурулар менен бирге качкан жоругун аргасыз эске салат экен. Билсеңер ал мындай, бир жолу түн катып үй тоногон уурулар колуна тийгенин көтөрүп качышат. Айдын жарыгына чыкканда карашса алар менен жууркан-төшөгүн көтөргөн үй ээси, айтылуу Апендибиз дагы кошо энтеңдеп алган экен. Буга бир чети күлкүсү келип, бир чети танданган уурулар, “Эй сен каякка!” дешсе, энтиккенин араң баскан Апенди, “Көчүп баратпайбызбы” деген тура.

Көрсө, ал жарыктык үй көчүрүүнүн амалын ушундай жол менен ишке ашырып жатыптыр. Ал эми Атамбаев, өзү менен кошо эски саясатчыларды ала кетээрин тууралуу айткан мурдагы сөзүн тастыктаганга аракет көргөндөй. Мындан улам парламент өкүлдөрү дүрбүп эле калышты. Демек бул Жогорку Кеңештин дагы өмүрү кыска болот окшойт.  Деги эле биздин шаршеничтин кыйытмалары бат эле жүзөгө ашып калчу эле.

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу