Ачка болуп турганда кандай тамактарды жегенге мүмкүн эмес?

Эгерде курсагыңыз катуу ачып турса көзгө көрүнгөн нерсени жей берген туура эмес. Ашказан жана ичеги ооруларына чалдыкпайын десеңиз, анда төмөнкү даамдардан баш тартканыңыз оң.

Банан

Банандын курамында магний көп болгондуктан, ач карын аны жеген туура эмес. Анткени, ал организмдеги магний менен кальцийдин балансынын бузулуусуна алып келет. Бул өз учурунда жүрөк-кан тамыр ооруларына дагы түрткү болушу мүмкүн.

Апельсин

Ашказаныңыз газ кычкылына толуп калышы мүмкүн.

Муздак суусундуктар

Муздак суусундуктар ашказан менен ичегиге суук келет. Анын натыйжасында ферменттик реакциялар бузулуп, ар кандай ооруларды пайда кылат.

Йогурт

Ач карын йогуртту колдонгондо, андагы витаминдик касиеттер жоголот. Аны тамактан эки сааттан кийин ичкен туура.

Кант

Кант ач карынга түшкөндө, канга жеткиликтүү инсулин бере албай калат. Мындай ыкма көз оорусуна себеп болушу мүмкүн.

Сарымсак

Сарымсактын курамындагы аллицин ашказан жана ичегини кыжылдантат.

Адистер, эртең менен туруп, ач карын колго жасалган таттуулар жеген жакшы экендигин эскертет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу