Ачкачылык кармаган оппозиционерлер капельница ала башташты

Бүгүн абактагы саясатчылардын кургак ачкачылык жарыялашкандарына 18 күн болду. Буга чейин оппозиционерлер талаптары аткарылбаса капельницадан баш тартаарын билдиришкен.
Бүгүн белгилүү болгондой Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдор капельница алууну башташты. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти. Саясий туткундардын укугун коргоо боюнча комитеттин маалыматында, ачкачылык жарыялагандарга дарыгерлердин көзөмөлү керек. Укук коргоочу Зульфия Мараттын айтымында, үчөөнүн арасынан Бектур Асановдун акыбалы бир топ оор. Анын эрини жарылып, тишинен да кан агып жатат. Адвокат аны кечээ көрүп чыккан.

Эске салсак, Бектур Асанов 47-түзөтүү колониясындагы ооруканада кармалууда.

Ал эми Кадыров менен Карыбековду 1-абакка которушту.

Эске салсак, аталган оппозиционерлер бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо айыбы менен кармалып, Кадыров менен Асанов 12, Карыбеков 20 жылга кесилген.

Алар ачкачылык кармоо менен УКМКнын жетекчисинин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу