Ахматбек Келдибеков тымызын Атамбаевге кызмат кылып жатабы?

Акыркы убакта айбаты өчүп, шагы сынган саясатчы Ахматбек Келдибеков тымызын бийлик менен кызматташып, Атамбаевдин атаандаштарын баарын жыгып берем деп аракет көрүп жатыптыр. Убагында уурулук, коррупция менен кылмыш козголуп, жарымы убакыттын өтүшү менен кыскарса (соц.фонд), салык кызматындагы кылмышы боюнча күнөөлү болуп, мамлекетке 10 000 000 сом кусмай болуп кутулган.

Жакында ал президенттикке аттанам деп тар чөйрөдө айтып жүргөнү менен, иш жүзүндө Атамбаевге киши жиберип, саясатта аман калсам болду деп жансоогалап жүргөнүн эшиттик. Анан калса досу Камчыбек Ташиев мурдагы таарынычын эстеп, Адахан Мадумаров экөө өзүнчө кетиптир. Ахматбек Келдибеков же бийликте эмес, же оппозиция болуп кыйратпай арабөк жолдо калыптыр.

Жалгыз калганын ачык айтпаса дагы, ар кайсы талапкердин эшигин каккылап биригели деп жүрүптүр. Өмүрбек Бабановго улам барып тажаткан экен, Бабанов “аты булганган саясатчыга кошулуп, кадырымды кетирбейм”,-деп жооп айтыптыр.

Келдибеков мындай болсо, эртең соксойуп жалгыз калат окшойт. Мындайды кыргызда “этте жок же челде жок”,-деп коет эмеспи.

Маалымат “Фейсбуктан” алынды

Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу