Ахматбек Келдибеков: “Кээ бирлер аны-муну сүйлөп коюп жатат, ага капа болбогула, ар ким деңгээлине жараша сүйлөйт…”

Мадумаров, Келдибеков жана Ташиев Өзгөндөгү жер көчкү кырсыгындагы жабыркаган эл менен жолугушту

Бүгүн, 30-апрелде Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев баштаган топ Өзгөндөгү кырсык катталган Аюу айылына барып элден кабар алышты. Алар, каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп ар дайым жардам берүүгө кол сунуп, жанында боло тургандарын айтышты. “Туугандарым, сиздерге көңүл айтабыз, кайрат кылыңыздар. Күтүүсүз жаратылыш кырсыганан көзү өтүп кеткен баардык жарандарыбыз үчүн кайгырабыз. Белди бекем бууңуздар, айла жок экен”,-деди Камчыбек Ташиев. Ал өз сөзүндө тийиштүү мыйзам эрежелерин аткарбай, ушул кырсыкка тийешеси болгон мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларга сабыр тилеп, мындай деди.

“Эми туугандарым бул жер суроо берип, суроого жооп ала турган мезгил эмес. Азыр кайгырып, жер алдында калгандарды таба турган мезгил. Анан кээ бирлерге окшоп телевизордон док кылып сүйлөй турган мезгил эмес, ушулардын кайгысын бөлүшө турган маал. Биз азыр саясат үчүн келген жокпуз, бир адам кырсыктан жабыркаса канча кайгырасың? Бул жерде 24 боордошубузду жоготуп, каңырыгыбыз түтөп турабыз. Бул Кыргызстан үчүн орду толгус кайгы, чоң жоготуу. Ошондуктан баарыбыз жапа тырмак киришип, колдон келген жардамыбызды беришибиз керек. Жакынын жоготкондорго өбөк-жөлөк бололу деп келдик. Анан кээ бирлер аны-муну сүйлөп коюп жатат, ага капа болбогула. Ар ким деңгээлине жараша сүйлөйт. Туугандарым кайрат кылгыла. Мына Адахан Кимсанбаевич, Камчы Кыдыршаевич, Элмурза Ракиевич болуп колдон келген кызматты кылып, үнүбүз жеткен жерге айталы деп келдик. Колдон келген жардамды аябайбыз, кайрат кылыңыздар”,-деди Ахматбек Келдибеков.

Булак: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу