Ахматбек Келдибеков кайрадан кызматына келди

Бүгүн, 19-декабрда  Кыргызстандын оор атлетика федерациянын жыйыны болуп өттү. Аталган жыйында 2012-2016-жылдарга карата аткарылган иштердин отчету угулуп жыйынтыгында бир добуш менен Жогорк Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков Кыргызстандын оор атлетика федерациясынын президенти болуп кайрадан шайланды.

-2010-жылы биз Кыргызстанда алгачкы жолу оор атлетика боюнча Борбор Азиядагы жаштар арасында чемпионат өткөрдүк. 50 комплект олимпиадалык штангаларды жана спорттук шаймандардын баарын Кыргызстандын аймактарына таратып бергенбиз. Келечекте мыкты чемпиондорду чыгарганга аракет кылышыбыз керек. Дүйнөнү дүңгүрөткөн штангист, бир нече жолку чемпион, легендарлуу инсан, Каныбек Осмоналиевди алсак болот, Изат Артыковду допинг деп аны чемпионттыктан алып коебу же койбойбу бул кыргыз эли үчүн олимпиадалык оюндарда 3-орунду алган баатыр десек болот. Кудай буюрса Кыргызстанда мыкты спорт чеберлерин чыгарсак деп үмүттөнүп турабыз. Бул спорттук тармакта келечекте  Кыргызстандан дагы дүйнөнү дүңгүрөткөн чемпион чыгат деп толук ишенем. Акыркы төрт жылдан бери федерацияны жетектеп келе жатам. Бүгүн кайрадан талапкерлигимди бир добуштан колдоп беришти. Албетте бул өтө жоопкерчиликтүү иш, деди Ахматбек Келдибеков.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын оор атлетика федерациясы коомдук башталыштагы бирикме. Бирок соңку жылдары бир топ ийгиликке жетишип, өлкө аймагына олимпиадалык штанга боюнча 50 даана жабдыктарды алып берген. Ошону менен катар спорттун бул түрү менен машыккан жаштарды колдоп, эл аралык сынактарга чыгуусуна каражат тарабынан жардам көрсөтүп келет. Бүгүнкү жыйында аталган федерациянын иш-пландары менен катар анын курамы кайрадан каралып, аткаруу иштери боюнча кызматтарга ачык добуш берүү менен кайра шайлоо болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg              

Аргумент.kg
Жооп калтыруу