Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы: «Атамбаев мени кучактап алып “Ахматбек, мен ушул жакшылыгыңды өмүрүмдө эч качан унутпайм. Кудай алдында айтып жатам” деп айткан»

-Ахматбек Келдибекович, мурунку президент А. Атамбаевдин тушунда өзүңүз, саясатта чогуу жүргөн досторуңуз, партиялаштарыңыз саясий интриганын курмандыгы болуп, запкы тарттыңыздар. Азыр өзүнө жакпаган саясатчыларды куугунтукка алган бийликтин өкүлдөрү кылмыш иш козголуп, камакка алынууда. Бүгүн деле бийликте турган партия өз адамдарына карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап жатат. Силерге карата козголгон кылмыш иш менен азыр камакка алынып жаткан адамдарга козголгон кылмыш иштин окшоштуктары барбы? Саясий куугунтук деп атоого болобу?

— Бизге карата козголгон кылмыш ишти чынында эле саясий куугунтук деп айтса болот. Себеп, “Ата Журт” партиясын, парламенттеги фракцияны ичинен талкалаш үчүн 16 депутатты куугунтуктаган. “Кумтөр” маселеси менен эле 3 депутатыбызды камашты. Өткөн айга салыштырмалуу салык 2 млн 300 миң сомго аз түшүп калды, Москвага парламенттин атайын өкүлчүлүгүн ачыпсың деп бир тыйын эч ким уурдабаганына карабай, ойдон чыгарылган иш менен мени да камады. Нариман Түлеевди болсо кымбат баада автобус сатып алгансың дегени менен аны далилдей албаса да камакка алышкан. Мунун баары саясий куугунтук болгонун далилдейт. Бүгүнкү козголуп жаткан кылмыш иштер саясий куугунтук эмес. Уурулуктун бети ачылып, уурдаганың үчүн жооп бер деп козголгон иштер. Атамбаевдин тегерегинде иштеп жүргөндөрдүн уурулугу ачылып калган соң “Бизди куугунтуктап жатат” дегени күлкүлүү көрүнүш. Бизге оор беренелерди коюп, эптеп эле камаш керек болгон. Бүгүн буларга оор беренелер коюлганы менен күнөөңөр жок болсо сотто далилдегиле деп мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Бизде андай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Бизди колдоп нааразычылык акциясына чыккан элди ар кандай аттарды коюп шылдыңдаганга чейин барышкан. Эл камабай эле сурагыңды жүргүзө бер, эч жакка качпайт, күнөөсү далилденсе камай бергиле деп чыкпады беле. Бүгүн сотторго ишенбей калдым, куугунтуктап жатат деп айтып жатышканына жол болсун. Ошол эле Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен сотторго басым кылып, адамдарды соттоткон. Эми ошол адам ушул сөздү айтканы күлкү жаратчу көрүнүш. Чоң долбоорлорго келген насыя акчалар максаттуу пайдаланбаганы ачыкка чыкпадыбы. Бишкек ЖЭБ, Ысык-Көлгө курулган ат майданы, Тарых музейиндеги уурулуктар ачыкка чыкса, эми Датка-Кемин, түндүк-түштүктү бириктирген альтернативдүү жол боюнча дагы чыгат. Азыркы президент СДПК партиясынан болгонуна карабай чындыкты тандап, менин партиялашым деп калкалабай, күнөөлүү эмес экениңерди сот алдында далилдегиле деди. Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин, элдин жоопкерчилигин алгандан кийин аны аткарууга аракет кылууда. Уурулугу билинип калгандар ага чыдабай, чыйпылыктап атышпайбы.

— СДПК партиясы Н.Түлеев абакта жаткан кезде президент А.Атамбаевден кечирим сураган деген билдирүү жасап, бир катты жарыялаган. Сиз да абакта жатканда “Атамбаевден кечирим сурап кой, эркиндикке чыгасың” деп барышкан “элчилер” болгонбу?

— Мага саясатта салмактуу орду бар саясатчы “Атамбаевдин атына кат жазып кайрылса чыгарат экен” деп келген. Мен кечирим сурап, тизе бүгүп кат жазбайм! Жигитче мыйзам жолу менен күрөшөм деп айткам. Саясатчыны камакка тыгып алып, аны жалдыратып, кат жаздырып, катты архив кылып сактап, учуру келгенде алып чыгам деген идея Атамбаевдин өзүнүкү болгон болсо керек. Н. Түлеев булар чыгарган катты “Мен жазган эмесмин” деп айтып чыгып, кол жазмасын экспертизадан өткөзүүгө берди. Ошондон кийин эле кат интернетте дароо жок болду. Эгер кат чындап эле Н. Түлеевдики болсо булар ашкерелеп жатып калмак. Мындай иште Фаридден ашкан “мастер” жок. Менин колумда саясатчыларды жамандап жазып, аны УКМКдан бир кызматкер гезиттерге алып барып “Ушуну чыгарасың” деген далил бар. Бул Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Алмаз Атамбаевдердин жасаган иштери.

— 2010-жылдан кийин сиз парламенттин төрагасы, А. Атамбаев премьер-министр болду. Өкмөттү кураган парламенттеги көпчүлүк коалиция тараганга, Атамбаевди отставкага кетирүүгө даяр болуп калганда, сиз коалицияны таратпай сактап калбадыңыз беле. Ошол кезде Атамбаев өзү сизге келип “коалицияны таратпай сактап кал, бул жакшылыгыңды өмүр бою унутпайм!” деп суранды беле?

— Парламенттеги коалиция таркайт деген сөздөр айтылып, сүйлөшүүлөр жүрүп калган кез болчу. Досум, партиялашым Камчыбек Ташиев менин сөзүмдү кыйып кете албай, коалиция сакталып калган. Коалицияны түзүп жатканда 2 жылга деп жигитче сүйлөшүп кол койгонбуз. Мен ошол жигиттик принципте турдум. Ал Атамбаев үчүн принцип эмес, жөн эле кол коюп койгонун билбептирмин. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Нариман Түлеев менен сүйлөшүп, маселени чечип, коалицияны таркатпай сактап калганда, Атамбаев мени кучактап алып “Ахматбек, мен ушул жакшылыгыңды өмүрүмдө эч качан унутпайм. Кудай алдында айтып жатам” деп айткан. Бирок, Кудай алдында айткан сөзүн алты ай өтпөй эле унутту.

 Коалиция таркай турган болуп жатканда сизден суранып келген беле?

— Коалиция таркай турган коркунуч бар экенин мен, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов үчөөбүз резиденцияда олтуруп алып талкуулаганбыз. Ал учурда Атамбаев айласы кетип, “Коалиция таркаса таркасын, мен ушундай жол менен саясаттан кетет экем да” деген абалга түшүп калган болчу. Мен ошол жерде эле жигитче келишимди сакташ керек деп айткам. Эртеси эртең менен парламентке чогуу келгенбиз. Парламентте ар бири менен жолуктуруп, коалицияны таркатпай сактап калгам. Коалицияга кирген фракциялардын депутаттары төраганын жанындагы чоң залда үч саат күтүп олтурушкан. Маселе чечилгенден кийин күтүп олтурган депутаттарга кирип айтып коёлу дегенде, Атамбаев мени кучактап алып “Бул жакшылыгыңды эч качан унутпайм. Сенин эмгегиң болду. Өзүң эле кирип депутаттарга айтып койчу” деп мен жалгыз барып айтканмын. Депутаттарга кирип коалиция таркабай турганын өзүм айткам.

— Ушундай сөздөрдөн кийин экөөңүздөрдүн мамилеңиздер эмнеден улам бузулду?

— Ал киши ушакчылардын сөзүнө кирип кетти. “Келдибеков сиз жөнүндө жаман сөз айтты”, “Келдибековдун таасири күчөп кетип атат, келечекте президентке атаандаш болот”, “Сизди тигил жерде сөгүптүр” деген сөздөрдү айткандар тегерегинде көбөйдү. Мен төрагалыктан кетерде Атамбаев экөөбүз жолукканбыз. Ал киши президент болуп шайланып келген. Иш бөлмөсүндө сүйлөшүп олтуруп, “Экөөбүздүн ортобузда бири-бирибизди кечирбей турган катуу күндөр болдубу?” деген суроону берсем, “Жок, экөөбүздүн ортобузда кечирбей турган күндөр болгон эмес. Болгону эле Кыргызстанда бир эле президент болуш керек” деп айткан. Ушул сөздөн кийин “Андай болсо жакшы. Калганын Кудай көрсөтөт” деп айтып чыгып кеткем. Ошол учурдагы Конституция боюнча президент парламентке мыйзам киргизүүгө укугу жок болчу. Мыйзамды Өкмөт, депутат, эл гана киргизүүгө укуктуу эле. Парламенттик башкаруу системасында парламент күчтүү болушу керек. Мен аны кандайдыр бир деңгээлде далилдей алдым. Ошол кезде менин кээ бир коллегаларым сатып кетпегенде, бүгүн да парламент күчтүү болуп сакталып калмак.

— Сиздин башыңызга кыйын кез келгенде бир командада жүргөн адамдар таштап басып кетпей, тирөөч болуп туруп берди. Атамбаевдин башына кыйын кез түшүп жатканда, командасындагы адамдар аны жалгыз таштап, башка жээкке өтө качышты. Мурунку президенттин негизги катачылыктарынын бири команда түзгөндө принцип эмне экенин билбегендерди жанына жыйнап алгандыгы болдубу?

— Бизди камаганда бир гана фракциябыздын депутаттары эмес, жетимишке жакын депутаттар колдоп турганы, парламент иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссия түзүлсүн деген чечим кабыл алып бергени, бешинчи чакырылыштын президентке айтчу сөзү, өз көз карашы бар болгонун көрсөткөн. Азыр Атамбаевдин парламентте болгону эки гана депутаты калды деп айтылып жатат. Бул Атамбаевдин саясатчыларды өзүнө керек учурда колдонуп, кийин кереги жок колдонулган буюмдай ыргытып койгонунун жыйынтыгы деп билем. Өзүм колдогом деген, СДПК партиясынан талапкер катары чыгып, президент болуп шайланып келген Сооронбай Шариповичке жасаган мамилесин да көрдүк. Ага карата айтылбай турган сөздөрдү айтканы себеп болууда. Атамбаевдин тегерегинде жүргөн саясатчы, депутаттар аны таштап кеткени да ушундан улам. Революцияда бирге жүргөн саясатчылар Р.Отунбаева, А.Бекназаров, И.Исаков жана башкаларды бул адам деле таштап кете бербедиби. Партиялаш болуп чогуу келаткан Иса Өмүркуловду Бишкек шаарынын мэри болуп турганда кылмыш иш козготуп, камап жибергенге чейин барбады беле. Азыркы мэрдин кандай былыктары чыгып жатат? Бул дагы саясий куугунтукпу? Өзүмө “Эмне үчүн ушундай кадамга барып бизди камады?” деген суроо берип, жообун таппай келгем. Бул суроонун жообун да жакында таптым. Бизди камагандан кийин жоопкерчиликтин жоктугу, каржылык мыйзам бузуулар, чыры көп насыя алуулар, кадрдык башаламандыктар башталыптыр. Биз парламентте олтурганыбызда мындай көрүнүштөргө жол бербейт болчубуз. Өзүбүздүн сөзүбүздү, оюбузду айтмакпыз. Атамбаев элге коррупция менен күрөшүп жатам деп өзүнө жакпаган саясатчыларга ойдон чыгарылган иштерди токуп, маалыматка Фаридди олтургузуп коюп, анысы элге жаман көрсөтүү идеологиясын жүргүзүп келсе, эми өздөрүнүн артынан миллиарддаган сом, жүз миллиондогон долларлар чыгып жатат. Биз ага бул иштерди жасоого тоскоол болгонбуз. Кийин Текебаев тоскоолдук кыла баштады эле, аны да түрмөгө олтургузуп койду.

— “Марал” радиосунан “Атамбаев мени элдешүүгө чакырганга духу жетпейт!” деп айттыңыз эле. Бирок, “Кечээ эле кордук көрсөткөн Атамбаевдин алдына Келдибеков барыптыр” деген сөздөрдү таратышты. Бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

— Мен Атамбаевди жакын аралыктан акыркы жолу камалардын алдында парламентте жаңы өкмөт ант бергенде көргөм. Ал киши менен төрагалыктан кетип жатканда иш бөлмөсүндө сүйлөшкөндөн бери кол берип учураша элекмин. Атамбаевдин мага “Кел, сүйлөшүп олтуралы” деп айтканга адамдык абийири жол бербейт, духу да жетпейт. Ал сөздү макул болуп жолуга турган адамга айтса болот. Менден кандай жооп болорун жакшы билет.

— Атамбаевдин сиз тууралуу “бей-бечаралардын, жетим-жесирлердин, майыптардын акчасын уурдап байыган” деп айтканы өз жообун алат экен да?

— Ал майыптардын, бей-бечаралардын акчасы деп айтпадыбы. Бей-бечара, майыптардын акчасы пособие менен Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кетет. Ал киши президент болуп туруп маселенин маңызын билбесе да, эптеп мени жамандаш керек болгон. Соцфонддон пенсия гана берилет. Ар бир пенсионер канча пенсия чегерилгенин президенттен жакшы билет. Атамбаев эмне үчүн Келдибековду камагандыгынын маңызын түшүнгөн эмес. Эл алдына чыкканда жалганды кошуп, апыртып айта берген да искусство болсо керек. Ошол жагынан таланты күч адам экен да.

— Ыйык Орозо айында Атамбаев “Ахматбек иним, экөөбүз сүйлөшчү сөз бар. Бетме-бет олтуруп алып сүйлөшөлү” деп чакырса барасызбы?

— Мен ал кишинин көзүн тике карап, бетме-бет кезигип, “Эмне себептен?” деген суроомо жооп алганга дайым даярмын. Жолугушуу ачык түрдө, элдин көзүнчө болсо барам. Анын кабинетине эч качан бөжөңдөп чуркап барбайм. Эртели-кеч баары бир жолугабыз.

— Аскар Акаев маек бергенде “Соцфонд аябай кризиске жеткен болчу. Пенсияны ун, тамеки, галош менен берип калган эле. Ак үйгө күндө келип чыр салган Фомова деген аял түшүмө кире турган болгон. Ошондой учурда А. Келдибековду чакырып, ушул тармакты реформа кылганга күч жетеби?- деп сураганымда, Ахматбек Келдибеков кебелбей туруп “Жетет, Аскар Акаевич!” деп айткан. Айткан сөзүнө туруп Соцфонддо реформа жасай алды” деп айткан жери бар. Сиз Соцфондго төрага болуп дайындалып жатканда Акаевден эмнени сурагансыз?

— Ооба, Акаев айткан сөз чындык. Ал киши мени чакырып “Соцфондго реформа кылуу керек. Менден кандай жардам керек?” деп сураганда, мага эч ким тоскоолдук кылбасын деп сурагам. Аталган кызматка төрага болуп барганымда төрт ай пенсия берилбей, накталай акча түрүндө бере албай, туз, ун, тамеки менен берилип, шериктеш фонддорго миллиарддаган сом карыз болуп калган экен. Мен төрага болуп барганда эки күндөн кийин пенсияны ун, туз, тамеки менен бергенди токтотком. Ошондо соцфонддогу кесиптештерим “Бул көп олтурбайт. Азыр 4 айдын пенсиясы берилбей турса, дагы 3–4 ай кошулат. Биз акча жок ун, туз менен жаап жатпайбызбы” дешкен. Бирок, бир жыл төрт ай дегенде пенсияны акчалай бергенге жетиштик. Бир жыл жети айда пенсияны ай сайын өз убагында бере баштадык. Мен төрагалыктан кетип жатканда 700 млн сомдон ашык акча эсепте калган. Биз Каржы министрлигине кредит бере баштаганбыз. Соцфонддун тарыхында мындай окуя болгон эмес. Соцфонд өкмөткө баш ийбейт болчу. Аскар Акаев телефон чалып “Каржы министрлигине карызга акча берип кой. МВФдин көрсөткүчүнөн чыгып кетсин?” деп суранган. Анда Каржы министри Б. Абилдаев, Улуттук банктын төрагасы Сарбанов болгон. Муну алар дагы тастыктап бере алат. Ал эми салык кызматында иштегенимде өткөн айга салыштырмалуу 2 млн 300 миң сом аз түшүп калган деп соттошту. Атамбаевдин учурунда миллиарддаган акча түшкөн жок. Бул боюнча соттобойт, начар иштегенсиң деп кызматтан алат. Бир айда 2 млн 300 миң сом аз түшкөнү менен жылдын аягында 139 пайызга өсүш менен чыкканбыз. Москвага парламенттин атайын өкүлчүлүгүн мыйзамсыз түздү деп каралады. Бул жалгыз гана менин чечимим эмес, жалпы депутаттар кабыл алган чечим. Атамбаев коррупцияга каршы күрөшө турган кызматты мыйзамсыз түзгөн. Андай кызматты түзүүгө анда эч кандай укук болгон эмес.

— Парламент Москвага атайын өкүлчүлүк ачуу чечимин кабыл алганда өкмөт башчы Атамбаев беле? Ал киши бул чечимди колдогонбу?

— Өкмөт башчы Атамбаев болчу. Өкмөт атайын өкүлчүлүккө каралган акча каражатты бюджетке киргизип, ал боюнча отчёт берип, парламент колдоп берген. Кийин Атамбаев президент болгондо өзү “Мында эч кандай мыйзам бузуу жок” деп кол коюп өкмөттүн бюджети аткарылышы тууралуу мыйзамга кол койгон.

— Камалган кезде өткөнгө кайра башынан саресеп салып, башка жол менен кетсем болмок экен, Атамбаевди ушул жерден талкаласак болмок деп ойлогон учур болбуду?

— Баарын анализдеп чыктым. Биз саясатчыбыз дегенибиз менен саясатта Атамбаевдей болуп “талкалоочу” жагынан тажрыйбасыз экенбиз. Алар өмүр бою “талкалоочу” болуп жүрүп, тажрыйбасы күчтүүрөөк болуп калыптыр. Ошол учурда саясий атаандаштарынын көбүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды деп камады. Прокурор, сотторго команда берилгенден кийин алар эптеп камаганга аракет жасаган. Кызматта туруп кабыл алган чечим мамлекетке кандай пайда алып келген деген анализ жүргөн эмес. Азыркы президент сотторго “Бийликтен коркпосоңор да Кудайдан корккула!” деп айтып жатканы жакшы нерсе.

— Азыркы кезде эл арасында тышкы карызды, экономикалык өсүштү Бакиев менен Атамбаевдин учуруна салыштыруу жүрүп жатат. Экономиканы жакшы түшүнгөн адам катары кайсыл президенттин учурунда экономикалык өсүү болгон деп айта аласыз?

— Бакиевдин учурунда баардык көрсөткүчтөр боюнча экономикалык өсүү болгон. Атамбаевдин учурунда сөз жана кагаз түрүндө гана өсүү болду. Статистиканы эч ким колдонгон жок. Атамбаев өзү бажыда чоң өсүү болду деп көп жолу күпүлдөдү. Бирок, бажыдагы тариф мурункуга караганда 5 эсе өстү. Андай болгон соң бажыдан түшкөн каражат дагы 5 эсе өсүшү керек болчу. Атамбаевдин учурундагы жакшы нерсе Орус-кыргыз фондунун түзүлүшү болду. Бирок, анда дагы ким Атамбаевге жакса ага кредит берип, жакпаган адамдарга бербегени туура эмес көрүнүш болгон.

— Атамбаевдин тушунда кадрды туура эмес тандоо, “өзүмдүн короомдогу адам” деген принцип колдонулганы башаламандыктын негизги фактору болбодубу?

— Туура, кадр саясатында “өзүмдүн короомдогу” дебестен күчтүү, тажрыйбалуу кадрларды тандашы керек. Мурунку президент бир муунду жок кылып, ордуна тажрыйбасы жок жаш кадрларды алып келип алып, анысынын жыйынтыгы өз башына муш болуп тийди. Министр же губернатор болгондор ошол жерде эмне себептен олтурганын түшүнбөй иштеп кетишти. Башкы прокуратураны эле алайлы, Салянова баарын сындырды, талкалап кетти. Бүгүн оңдоо кыйынга туруп жатпайбы. Экономика министри кылып жаш баланы алып келип койду. Планшет көтөрүү анын күчтүү кадр экенин тастыктабайт. Күчтүү кадр болуп ошол тармактын баардык тепкичтерин басып өткөн адам эсептелет.

— Миллиарддап алынган насыялар максатсыз пайдаланганы бүгүн ачыкталып, алгачкыларынын колуна кишен салынды…

— Буга түздөн-түз ошол кездеги бийлик жооп берет. Кытай өлкөсү кредитти кыргыз чиновниктери уурдасын деп берген жок да. “Беларусь” деген телеканал бар. Ошол телеканалдан Лукашенконун кытайлыктардын кредити тууралуу айткан сөзүн көрдүм. Бизде жол салган кытайлык “Чайн Роад”, кредит берген Эксимбанк Белоруссияда иш кылат экен. Ал киши “Бизге кредит бергениңер үчүн ыраазыбыз. Бирок, кредитти алганыбыздан кийин өзүбүздүн экономикабызды өстүрүшүбүз керек. Кредитти берип, анын артынан өзүңөрдүн продукцияңарды, компанияңарды алып келип, акчаны кайра алып чыгып кетип, кредитке 2 пайыз үстөк кошуп бизди кайра карыз кылганыңар өтпөйт. Бизди келесоо деп ойлобогула. Берген кредитиңерге бул жерде өзүбүздүн жол сала турган ишканабыз, зым чыгара турган завод курулушу керек. Ошондо биз үчүн пайдалуу болот” деп айтты.

— Бүгүн сизге президент тарабынан оор тармактын биринин жүгүн көтөрүп бер деген сунуш түшсө барасызбы?

— Эгер менин финансы, экономикалык тармактагы топтогон тажрыйбам азыр керек болуп жатса, эл үчүн иштеп берүүгө даярмын. Баары эле космоско учам деп айта беришет. Бирок, космоско бирөө эле учат да. Мен Сооронбай Шариповичти 90-жылдардан бери билем. Ошондон бери саясий кызматтарда үзөңгүлөш болуп жүрдүк. Бул кишиге кызматка барбасам да жардам берүүгө даярмын. Кыргызстанды көтөрүүдө баарыбыз президентке кол кабыш кылуубуз керек.

— Сооронбай Шарипович экөөңүздөрдүн ортоңордо мындан көп жыл мурун чыр болуп, андан кийин аке-дос болгон деген сөздүн чындыгы барбы?

— 90-жылы Сооронбай Шарипович “Ульянов” совхозунда парторг болуп иштеп турган. Мен институтту жаңы бүтүп келгем. Ал кезде ал киши дагы жаш, мен дагы жаш, күйүп турган өрт кезибиз болчу да. Жездемдикине барып калып, ошол жерде сөздөн-сөз чыгып айтышып, ошондо ага-ини болгонбуз. Таанышканбызга 28 жыл болуптур.

— Жээнбековдун президент болушуна Келдибеков колунан келишинче бут тосууга аракет жасады деп айтып чыгышты. Өз оозуңуздан угалы, ошондой болгонбу?

— Мен өзүмдүн принциптерим менен жашаган, аны бузбаган адаммын. Өзүм президенттик шайлоого барам дедим. Бирок, мага Атамбаевдин бийлиги жол беришкен жок. Биз шайлоо алдында төртилтик түздүк. СДПК партиясынын съезди өтө элек кезде, төртөөбүз сүйлөшүп жатканда, эгерде Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги СДПКдан көрсөтүлсө, биздин арабыздан бирөөбүз чыкпай турган болсо, анда мен Жээнбековду колдойм деп ачык айткам. Т.Сариев менен жолукканда дагы эгерде биздин арабыздан бирөөбүз талапкер болуп чыкпасак, Жээнбеков талапкер болуп чыкса, биз ошол кишини колдойбуз, сиз аны менен тандем болуп барсаңыз болот дегем. С.Жээнбеков Кудай буйруп, эл колдоп президент болуп шайланып келди. Эми баарыбыз колубуздан келген жардамыбызды беришибиз керек.

— Күзүндө саясий абал катуу чыңалууга барат, Атамбаев ошого даярданып жатыптыр деген божомолдор айтылып жатат. Эски бийлик абалды курчутууга кудурети жетеби?

— Кыргызда күздө, жазда тополоң болот экен деген сөз мода болуп кетти да. Атамбаевдин учурунда дагы ушундай сөздөр айтылып келген. Атамбаев жазда, күздө тополоң болот дегени менен өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеди. Жээнбеков дагы 6 жыл мөөнөтүнүн соңуна чейин иштесин. Атамбаев күзгө даярданып жатыптыр деп айтып жаткандарды угуп жатам. Мурунку президент өзү айткандай шайлоого катышып, кыйын болсо утуп келе берсин. Күзгө эмес, ошол шайлоого даярдык көргөнү жакшы.

— Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБдеги маселе парламентте каралып жатканда “Буйрук бергендер камалбай, аны аткаргандар камалып жатат” деп айтты. Буйрук бергендер менен кошо аны аткаргандар дагы жооп бериши керекпи?

— Жогор жактан Указ же токтом чыгарып, ушуну аткар десе, аны аткарууга милдеттүү. Мамлекетке кыянаттык иш кылганга оозеки түрдө буйрук берген жогор жактын командасын аткарган, мыйзамсыз экенин көрүп туруп, аткара албайм деп айтканга духу жетпеген адам да жоопкерчиликти тартышы керек.

— Текебаев менен Атамбаев биригип сизге каршы иш кылышты да. Азыр бирөөсү камакта, бири кызматтан кетип, башына кара булут айланып турган кез. Буларга адамдык пикириңиз кандай?

— Мен башында эле буларды пенде катары кечирдим деп айткам. Алла-Таала баарына калыс да. Улук заттын калыстыгын көрүп жатпайбызбы. Мага кыянаттык кылып, мыйзамсыз иштерди жасаган адамдардын баары өздөрү ошол күнгө кабылышты. Мен таба кылган жокмун, тообо кылдым. Бирөөгө кыянаттык жасабаш керек.

— “Манас” аэропортунун жанында ажал алып келген учактагы жүктүн чыныгы ээси ким экени ушул күнгө чейин чыкпай келет. Жөнөкөй бизнесмендики болсо эбак эле ачык айтылмак. Таасирлүү адамга таандык болгон деген сөздүн чындыгы болушу мүмкүнбү?

— Түркиядан келген деген кагазды окудум. Бирок, расмий кагазды окумайынча ишенүү кыйын. Азыр техниканын өнүккөн учурунда жашап жатабыз. Каалаган кагазды жасап койсо болот. Анткен менен жүккө Атамбаевдин жакындарынын тийешеси болгон эмес болсо эл арасындагы сөз айтылмак эмес. Сөз жөн жерден айтылбайт. Мындай жүк бир гана жолу келбесе керек деп ойлойм. Бир канча ирет келип, аэропортто, ошол фирмада иштегендер билгендиктен сөз тараса керек. Кыңыр иш кырк жылда дейт. Учуру келгенде мунун да чындыгы айтылат. Бирок, учактын кулап түшкөнү кырсык. Бишкек ЖЭБде жарылуу болбогондо, ал жердеги уурулук билинбей калып кетмек. Ошол сыяктуу учак кулабаганда жүк Атамбаевдин жакындарыныкы деп айтылбай калмак.

— Экс-президенттин кол тийбестигин алуу кызуу талкууну жаратып жатат. Мурунку президенттин кол тийбестигин алуу боюнча атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун кажети барбы?

— Мен Конституцияны карап чыктым. Анда экс-президенттин кол тийбестиги өзүнчө мыйзам менен каралат деп турат. Бул боюнча көп юристтер менен сүйлөштүм. Экс-президенттин күнөөсү болсо башкы прокуратура иш козгоп, далилдер менен парламентке алып келип, кол тийбестигин алууну сунуш кылса, парламент ал сунушту колдоп берсе экс-президентти жоопко тартса болот дешти.

— Жогорку сот аркылуу сизге коюлган дооматтар мыйзамсыз болгонун жокко чыгаруу боюнча пландарыңыз барбы?

— Өткөн жумада парламент башкы прокурордун отчётун кабыл алганда, токтомго өзүнчө бир пункт киргизди. Саясий буйрук менен кылмыш иши козголгондорду кайрадан карап көрүү тапшырмасы берилди. Ошол токтомдун негизинде материалдарды даярдоонун үстүндө юристтер иштеп жатат. Жакынкы аралыкта башкы прокуратурага кайрылам.

— Соттон өзүңүздү актап алгандан кийин мыйзамсыз иш козгогондугу боюнча Салянова, Атамбаевдердин үстүнөн арызданасызбы?

— Салянованын мага мыйзамсыз иш козгогондугун ар дайым айтып жүрөм. Учуру келгенде аларды прокуратурага, сотко сөзсүз берем. Атамбаевдин буйругун аткарган болсо ошондо айтып бериши керек болот.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу