Ахматбек Келдибеков БШК менен соттошот

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков Борбордук шайлоо
комиссиясын сотко берет. Бул тууралуу Ахматбек Келдибеков өзү маалымат жыйында
билдирди.
Анын айтымында, БШК Келдибековдун укугун бузуп, президенттикке талапкерликке койбой койгон.
“Мен Конституциянын баардык талаптарын аткардым. Мамлекеттик тилден сынактан өттүм. Шайлоо
фондуна 1 миллион сом күрө коюп, 54 миң кол тамга тапшырдым ”
Ахматбек Келдибековдун айтымынд, БШКнын мүчөлөрү кол тамгаларды текшерген эмес. БШК
Ахматбек Келдибековдун соттолгон деген статусу жоюла электигин айтып талапкер катары
каттоодон баш тарткан.
Бирок Келдибеков соттолгондугу алынып салынгандыгын жана ага салынган айып пулду толугу
менен төлөгөндүгүн белгиледи.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу