Эл аралык көз карандысыз эксперттер Кыргызстандагы саясий абалга абай салып,
президенттикке ким татыктуу деген сурамжылоо жүргүзүшкөн. Мына ушул
сурамжылоодо элдин басымдуу көпчүлүгү парламенттин эксспикери А. Келдибековду
колдошоорун, эң тажрыйбалуу саясатчы экендигин белгилешкен.
Ал салык кызматын жетектеп турганда, бул мекеме болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге жетип,
мамлекеттин экономикасында кадыресе жылыштар байкалган. А. Келдибеков кайсыл кызматка
барбасын, кийинки жетекчилерге үлгү боло турган иштерди жасап кете турган тажрыйбалуу, билимдүү,
кесипкөй адис экендигин тастыктап кетет. Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда, парламенттеги
ыйкытыйкыны тыйып, парламенттин ишмердүүлүгүн бир калыпка салып, анан да өзүнүн чарбачыл
адам экендигин иш жүзүндө далилдеген. Менмен деген саясатчылар башын катып жатканда, Ош
окуясындагы коогалаңды басууга коркпостон барып, аймактагы тынчтыкты калыбына келтирүүгө өз
салымын кошкон. Ак жеринен камалып чыкса да кайратынан жазган жок. Карапайым калктын колдоосу
менен президенттикке аттанып жаткан чакта, Жогорку Сот анын соттуулугу 2017жылдын 8
ноябрында жокко чыгарылат деген чечим чыгара коюп, көпчүлүктү айраң таң калтырды. Себеби, А.
Келдибеков Бишкек шаардык соттун чечими менен 10 млн. сом айып пул төлөп, мунун жыйынтыгы
менен анын иши токтотулган. Бир сөз менен айтканда, элдин назары А. Келдибеков тарапка бурула
баштаганда аны президенттик шайлоого катыштырбастын амалы менен 8ноябрда соттуулугу жокко
чыгарылмай болуп олтурат. Ал эми президенттик шайлоо ушул жылдын 15 октябрында болмокчу.
Бирок, элдин басымдуу көпчүлүгү президенттикке А. Келдибеков татыктуу деп эсептешип, Алай эли А.
Келдибековго ак боз ат мингизип батасын беришкен. Бийлик элдин пикири менен эсептешеби же
жокпу, аны так айтуу азыр абдан кыйын болуп калды.
Булак:fakt.kg