Ахматбек Келдибековго таандык «Нур» телеканалы Атамбаевге иштеп баштады

NurTV аттуу телеканал бар экенин, анын ээси кадимки экс-спикер Акматбек Келдибеков экенин да жакшы билет эмеспизби. Албетте, анчалык коомчулукка кеңири бололек телеканал, бирок кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн ордун таап келаткан маалымат булактарынын бири эле. Телеканалдын өкүлдөрү өздөрүн бейтарап позицияны карманган, эч кимдин камчысын чаппаган маалымат булагы болобуз деп башында элди ишендиргилери келген. Бирок, эмнегедир акыркы убактарда аталган телеканал бийликти кескин сынга ала баштады. Албетте, эгерде негиз бар болсо эч нерсе дебейт элек.

Телеканалдын даярдаган сюжеттерин анализдеп көргөн адам, аны кайсы бир саясий күч өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын оңой эле баамдайт. Анан дагы кайсыл саясий күчтүн кызыкчылыгында иш алып барып жатканын да боолголоо кыйын деле эмес. Телеканалдын башкы кеңсеси Ош шаарында жайгашкан. Кызыгы, ал телеканал байманасы ашынган Азамат Арапбаевге тиешелүү имаратта иш алып барат экен. Ошондо телеканалга анын да кайсы бир деңгээлде таасири болорун түшүнө берсек болот. Анан эми кандай тыянак чыгарабыз? А. Келдибеков менен А. Арапбаев экөө досуна таарынган экс-президенттин колундагы курал болуп аткан болобу? Акматбек мырза президенттин саясатын колдой турганын билдирип жүрбөдү беле? Кандай кара теке сүздү аны?

Булак: телегра

Аргумент.kg
Жооп калтыруу