АФОРИЗМДЕР: КЕДЕЙЛЕР АКЫЙКАТТЫ ИЗДЕП ЖҮРҮШСӨ, БАЙЛАР АКЫЙКАТТАН КАЧЫП ЖҮРҮШӨТ

Кедейлер акыйкатты издеп жүрүшсө, байлар акыйкаттан качып жүрүшөт.
Бертольд БРЕХТ.

Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл бүтөт.
Лопе де ВЕГА.

Куугунтук жеп, ыдык көргөн чындыкты дайыма коргош керек.
Ральф ЭМЕРСОН.

Күн ак сарайга да, кепеге да текши тийет.
Уильям ШЕКСПИР.

Мамлекеттик ишмердин жүрөгү башында болушу керек.
НАПОЛЕОН I.

Мамлекеттик ишмер чындыкты айтышы керек. Унчукпаганы – алдаганы.
Сен-Жон – ПЕРС.

Мансап сүйгөн адамдан акыйкатты күтпө.
Вашингтон ОЛСТОН.

Мезгил өзгөрүлөт, биз да өзгөрүлөбүз.
Квинт ГОРАЦИЙ.

Мезгил өтпөйт, биз өтөбүз.
Пьер РОНСАР.

Менин кул да, кожоюн да болгум келбейт. Демократияны мен ушундайча түшүнөм.
Авраам ЛИНКОЛЬН.

Министрлерди тез-тез которгон жаман, бирок, жаман министрлер ордунда калышса – андан бетер жаман.
Пеле де ла ЛОЗЕР.

Өзүңө эркиндик каалагың келсе, аны бирөөгө ыраа көр.
Симона де БОВУАР.

Президенттин далдаасында дайыма бирөөлөр жүрөт, алардын кимдер экенин билиш үчүн көрүнөөгө чыгарыш керек.
Кин ХАББАРД.

Саясат – бул билим эмес, искусство.
Отто БИСМАРК.

Түбөлүктүү дос да жок, түбөлүктүү кас да жок, кызыкчылыктар гана бар.
Отто БИСМАРК.

Тынчтыкты кааласаң – ага кара жаныңды карч уруп, өмүрүңдүн ар бир күнүн арна, ар бир күнүңдүн ар бир саатын арна.
Арнольд ЦВЕЙТ.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу