Аферист Черикбаевди аким кылып, элди мазактай беребизби?

“Жаман иттин аты бөрүбасар” дегендей, буга чейин Ак-Талаа районун башкарып келген Семетей Черикбаев аттуу Кудайдан жөө качкан эргул жогору жактагылардын тилин тапканбы, айтор, 12-февраль күнү Нарын районунун акими болуп дайындалды. Ак-Талаалыктар Семетейден кутула тажап, мунун жеткен “аферист” экенин кан какшап айтып, жерге түкүрүп келишкени маалым.

Муну чоң кызматтагылар да эң жакшы билип келген. Бирок, эмне үчүн кадр табылбай калгансып, кайрадан башка райондун жетекчилигине отургузганына таң калып олтурабыз. Эгер бийликтеги билермандар өлкөнү өстүрүп, президенттин быйылкы жылга койгон программасына ылайык элетти көтөрөбүз десе, Черикбаевге окшогон “жеп-жутарларды” таптакыр жолотпош керек эле.

Эл арасында Черикбаевге бир дагы жылуу пикир жок, айрыкча Нарын тарапта. Жалаң жаман тараптары менен көтөрүнгөн неме болгон. Эгер мындай саясат уланса, биз эч качан алыска барбайбыз. Бул эргул Нарын районун башкарууда далайларды кашатаары турган иш.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу