“Атышуу болуп жатканда Атамбаев душта жүргөн”

31-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы
өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурум Биринчи
май райондук сотунда өттү.
Соттун жүрүшүндө Текебаев 2010-жылдын 13- майында Маевский менен жолугушууга мүмкүнчүлүк
жана убакыт жок болгондугун айтып, “2010-жылдын 13-майда да түнкү саат 12ге чейин отуруп иштедик.
13-май күнү саат 8де Роза Исаковнанын тапшырмасы берилип, “Хайат” мейманканасында жыйынды ачтым.
Саат 13:30га чейин ошол жерде болуп, 14:00гө жакын Өкмөт үйүнө келдим. Ошол маалда Ош менен Жалал-
Абадды куралданган адамдар басып алган. Убактылуу өкмөт өлкөнүн жарымын колдон чыгарган.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол учурдагы абалды талкууладык”- деди Текебаев. Мындан
сырткары ал Атамбаевдин 7-апрелде эмне кылып жүргөнүн айтты. Ал өз сөзүндө “ 7-апрель күнү
кечке жакын элге Ак Үй тараптан ок атылып, кан катуу төгүлүп жаткан эле. Ал күнү Сариев
атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатканда, Атамбаев душка түшөм деп кетип калыптыр.
Ошол учурда Атамбаевди таппай калдык. Кийин сурасак өзү «душ алганы үйгө кеткем «-деди Текебаев.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу